Ыйса Машаяктын Кудай экендиги Ыйык Китепке негизделгенби?

 

 

Ыйса Өзү жөнүндө айткан өзгөчө жарыялоолордон сырткары, Анын шакирттери да Анын Кудай экенин түшүнүшкөн. Алар Ыйса күнөөлөрдү кечирүү укугуна ээ экендигин жарыялашкан. Кудай гана күнөөнү кечире алат эмеспи, анткени Кудай күнөөнү жек көрөт (Элчилердин иштери 5:31Колосалыктарга 3:13Забур 129:4Жеремия 31:34). Ушул акыркы жарыялоого өтө тыгыз байланыштуу болгон дагы бир жарыялоо бар: Тиметейге жазылган экинчи катта Ыйсанын «тирүүлөр менен өлгөндөрү соттой турганы» айтылат (2 Тиметейге 4:1). Ошондой эле, он эки элчинин бири болгон Томас Ыйсага: «Теңирим менин! Кудайым менин!» – деп жооп берген (Жакан 20:28). Пабыл Ыйсаны «улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз» деп атаган (Титке 2:13). Бул Ыйса Өзүнүн адамдык денесин кийгенге чейин «Кудайдын бейнесинде» болгонун билдирет (Филипиликтерге 2:5-8). Эврейлерге жазылган каттын автору Кудайдын Уулу тууралуу мындай дейт: «Оо Кудай, Сенин тактың түбөлүктүү» (Эврейлерге 1:8). Элчи Жакан болсо: «Эң башында сөз болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз [Ыйса] Кудай болгон», - деп ырастайт (Жакан 1:1). Ыйса Машаяктын Кудай экенин айткан башка үзүндүлөр да бар (Аян 1:172:822:131 Корунттуктарга 10:41 Петир 2:6-8Забур 18:295:11 Петир 5:4Эврейлерге 13:20ны караңыз), бирок Ыйса Машаякты жолдоочулар Аны Кудай деп эсептегенинин өзү эле жетиштүү далил болуп саналат.

Ошондой эле, Эски Келишимде Кудай-Теңирге карата колдонулган уникалдуу ысымдар Ыйсага карата да колдонулган. Мисалы, Эски Келишимдеги «Куткаруучу» деген түшүнүк (Забур 129:7Ошуя 13:14) Жаңы Келишимде Ыйсага карата колдонулган (Титке 2:13Аян 5:9). Матай 1-бөлүмгө ылайык, Ыйса Эмануел – «Кудай биз менен» деген ысымга ээ болгон. Захариянин китеби 12:10до Кудай-Теңир: «Алар өздөрү найза менен сайган Мени көрүшөт», - деп айткан. Жаңы Келишимде болсо бул Ыйсанын айкаш жыгачка керилүүсүн сүрөттөө катары колдонулат (Жакан 19:37Аян 1:7). Эгерде Эски Келишимде Кудай-Теңирди адамдар найза менен сайып, анан аны карап турганы алдын ала айтылган болсо, андан соң Жаңы Келишимде Ыйса найза менен сайылып, адамдар аны карап турса, демек, Ыйса Өзү – ошол Кудай-Теңир. Пабыл Филипиялыктарга жазган каттын 2-бөлүм 10-11-аяттарында Ышайанын китеби 45:22-23төгү сөздөрдү Ыйсага карата колдонот. Мындан сырткары, Ыйсанын ысымы сыйынууда Кудайдын ысымы менен бирге колдонулат: «Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин» (Галатиялыктарга 1:3Эфестиктерге 1:2). Эгерде Ыйса Машаяк Кудай болбосо, мындай кылуу Кудайга акараат келтирүү болмок. Ыйсанын Акыркы Тапшырмасында Анын ысымы Кудайдыкы менен бирге колдонулат: «Ата, Уул жана Ыйык Рухтун урматына чөмүлдүргүлө» (Матай 28:19; ошондой эле 2 Корунттуктарга 13:13тү караңыз).

Ошондой эле, Ыйса Кудай гана кыла алган иштерди кылган. Ал өлгөндөрдү тирилтип (Жакан 5:2111:38-44), күнөөлөрдү кечирип (Элчилердин иштери 5:3113:38) гана койбостон, ааламды жараткан, аны башкарып, сактап турат (Жакан 1:2Колосалыктарга 1:16-17). Кудай-Теңир бардыгын Өзү жаратканын айтканын эске алсак, Ыйсага тиешелүү бул чындык ого бетер түшүнүктүү болуп калат (Ышайа 44:24). Мындан сырткары, Ыйса Машаяк Кудайда гана боло турган сапаттарга ээ: түбөлүктүүлүк (Жакан 8:58), бардык жерде болуу (Матай 18:2028:20), бардыгын билүү (Матай 16:21), бардыгынан кудуреттүүлүк (Жакан 11:38-44).

Өзүн Кудай деп жарыялоо жана башкаларды ошого ишендирүү, анан аны далилдеп берүү – эки башка нерсе. Ыйса Өзүнүн Кудай экендигине далил катары көп кереметтерди жасаган. Ыйса кылган кереметтердин бир азын санай кетсек: Ал сууну шарапка айландырган (Жакан 2:7), суу үстүндө баскан (Матай 14:25), физикалык заттарды көбөйткөн (Жакан 6:11), сокурду (Жакан 9:7), аксакты (Марк 2:3), оорулууларды айыктырган (Матай 9:35Марк 1:40-42), ал тургай өлгөндөрдү тирилткен (Жакан 11:43-44Лука 7:11-15Марк 5:35). Мындан сырткары, Ыйса Өзү өлүп кайра тирилген. Бутпарастардын мифологиясында өлүмүш болуп кайра тирилген кудайлар жөнүндө айтылганы менен, башка эч бир динде чындап тирилүү болгон деген жарыялоо жана аны тастыктаган ушунчалык көп жазуу түрүндөгү далилдер жок.

Ыйса жөнүндө эң эле аз дегенде он эки тарыхый фактыны машаякчы эмес илимпоздор да четке кага албайт:

  1. Ыйса айкаш жыгачка керилип өлгөн.
  2. Ал көргө коюлган.
  3. Анын өлүмү шакирттердин көңүл калуусуна жана үмүтүн үзүүсүнө себеп болгон.
  4. Ыйсанын көрүстөнү бир нече күн өткөндөн кийин бош табылган (же табылган деп жарыяланат).
  5. Шакирттер кайра тирилген Ыйсаны көргөнүнө ишенишкен.
  6. Ошондон кийин шакирттер шектенген адамдардан кайраттуу ишенүүчүлөргө айланышкан.
  7. Ушул кабар алгачкы жыйындагы насааттын маңызы болгон.
  8. Бул кабар Иерусалимде жарыяланган.
  9. Бул Насааттын натыйжасында жыйын жаралып, өсө баштаган.
  10. Ыйса тирилген жекшемби күн ага чейин ыйык болгон ишенимби күндүн ордун басып, табынуунун негизги күнү болуп калган.
  11. Бир нерсеге оңою менен ишене бербеген Томас деген шакирт тирилген Ыйсаны көргөндө чыныгы ишенүүчү болуп калган.
  12. Машаякчылыктын душманы болгон Пабыл тирилген Ыйсаны аян түрүндө көрүп, ишенип калган.

Кимдир бирөө бул өзгөчө тизмеге каршы болсо да, тирилүү менен жакшы кабарды негиздөө үчүн бул фактылардын бир нечеси гана жетиштүү: Ыйсанын өлүмү, көргө коюлуусу жана адамдарга көрүнүүсү (1 Корунттуктарга 15:1-5). Жогоруда айтылгандын бирөө-экөөсүн түшүндүргөн теориялар бар болгону менен, тирилүү гана аларды чындап түшүндүрүп, алардын баары чын экенин далилдейт. Сынчылар шакирттер тирилген Ыйсаны көрдүк деп калп айткан болушу мүмкүн дешет. Бирок бир дагы калп, бир дагы галлюцинация тирилүү кылган натыйжаларды бере албайт. Биринчиден, шакирттер жалган айтса, мындан эмне пайда табышмак? Ал убакта машаякчылык али кеңири тарай элек болгон, алар бул жол менен акча таба алмак эмес. Экинчиден, калпычылардан Ыйса үчүн азап чегип өлүүгө даяр болгон жакшы адамдар чыкпайт. Шакирттер өздөрүнүн ишеними үчүн коркунучтуу өлүм менен өлүүгө даяр болгону Ыйса чындап эле тирилгенинин эң жакшы далили болуп саналат. Албетте, жалганга ишенип алып, ал үчүн өлгөн адамдар көп эле, бирок өздөрү айткан нерсенин жалган экенин билип туруп, ал үчүн өлгөндөр жок.

Мындай тыянак чыгарсак болот: Ыйса Машаяк Байыркы Келишимдеги Кудай экенин, кудайлык табиятка ээ экенин (жөн эле «кудай» эмес, чыныгы жалгыз Кудай экенин) жарыялаган; Анын жолдоочулары (б.а., буркандарга табынуудан өтө корккон жүйүттөр) Ага ишенип, Ага Кудайга кылгандай мамиле кылышкан. Ыйса Өзүнүн Кудай экенин кереметтери менен, анын ичинде дүйнөнү астын-үстүн кылган тирилүүсү менен далилдеген. Башка гипотезалардын бири дагы бул фактыларды түшүндүрүп бере албайт. Эң маанилүүсү, албетте, Ыйса Кудай экендиги Ыйык Китепке негизделген.