Ыйык Рух деген ким?

 

 

Ыйык Рухтун ким экендиги жөнүндө туура эмес түшүнүктөр көп. Кээ бирөөлөр Ыйык Рухту кандайдыр бир табышмактуу күчтүн булагы катары карайт. Башкалары болсо Ыйык Рухту Ыйсанын жолдоочуларына жөндөмдөрдү берген, инсандыгы жок күч деп эсептешет. Ыйык Китеп Ыйык Рухтун ким экендиги жөнүндө эмне дейт? Жөнөкөй сөз менен айтканда, Ыйык Китеп Ыйык Рухту Кудай деп жарыялайт. Ошондой эле, Ыйык Китеп бизге Ыйык Рух акылы, сезимдери жана эрки бар, кудайлык сапатка ээ, инсандыгы бар Бирөө экенин айтат.

Ыйык Рухтун Кудай экендиги Жазууда көп учурда даана эле көрүнөт; андай жерлердин бири – Элчилердин иштери 5:3-4. Ушул аяттарда Петир Анания деген адамга каршы чыгып, ал Ыйык Рухка калп айтканын айтып: “Сен адамдарга эмес, Кудайга калп айттың”, – дейт. Бул – Ыйык Рухка калп айтуу Кудайды алдоо экендигинин айкын жарыялоосу. Ошондой эле, Ыйык Рух Кудай экендигин биз Анын Кудайдын сапаттарына ээ экендигинен билебиз. Мисалы Забур 138:7-8де Анын бардык жерде бар экенин көрө алабыз: “Сенин Рухуңдан качып кайда барам, Сенин жүзүңдөн кайда качам? Асманга чыксам да, Сен ошол жердесиң; өлгөндөр жаткан жайга түшсөм да, Сен ошол жердесиң”. Андан кийин Корунттуктарга жазылган 1-кат 2:10-11де Ыйык Рухтун бардыгын билүү жөндөмүн көрө алабыз: “Бизге муну Кудай Өзүнүн Руху менен ачып берди. Анткени Рух бардыгын, Кудайдын улуу сырларын да билет. Адамдын оюнда эмне бар экенин ким билет? Адамдын ичиндеги рухтан башка эч ким билбейт. Ошол сыяктуу эле Кудайдыкын да Кудайдын Рухунан башка эч ким билбейт”.

Биз Ыйык Рух Кудайлык касиетке ээ экендигин Анын акылга, сезимдерге жана эркке ээ болгондугунан билебиз. Ыйык Рух ойлонот, Ал билет (1 Корунттуктарга 2:10), Ыйык Рух кайгырат (Эфестиктерге 4:30). Ыйык Рух биз үчүн арачылык кылат (Римдиктерге 8:26-27). Ал Өзүнүн эркине жараша чечимдерди чыгарат (1 Корунттуктарга 12:7-11). Ыйык Рух – Кудай, Үчилтиктин үчүнчү Инсаны. Кудай катары Ыйык Рух чынында эле Ыйса келет деп айткан Сооротуучу жана Кеңешчи болуп саналат жана ошондой иш кыла алат (Жакан 14:162615:26).