Кудай барбы? Мен Кудайдын бар экенин кантип билем?

 

 

Биз Кудайдын бар экенин үч жол менен билсек болот. Ал бизге Өзүн жаратылыш, Өзүнүн Сөзү жана Ыйса Машаяк аркылуу ачып берген.

Кудайдын бар экендигин Ал Өзү жараткан нерселер эле далилдеп турат. “Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт” (Римдиктерге 1:20). “Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат” (Забур 18:1).

Талаада басып бара жатып, кол саат таап алсаңыз, ал бул жерде өзүнөн өзү эле пайда болуп калды же дайыма ушул жерде бар болуп турган деген тыянакка келбейсиз. Туурабы? Сааттын түзүлүшүнө карап, аны жасаган бирөө бар экендигин билмексиз. Ал эми биздин айланабыздагы дүйнөдө андан да чоң ирет жана тактык бар. Биздин убакытты өлчөөбүз кол саатка эмес, Кудайдын кол эмгеги болгон Жердин үзгүлтүксүз айлануусуна (жана Цезийдин радиоактивдүү сапаттарына – 133 атомго) негизделген. Аалам укмуш түзүлүштү көрсөтүп турат, бул аны жараткан Улуу Жаратуучу бар экендигин билдирет.

Эгерде сиз жашыруун код түрүндөгү бир кабар таап алсаңыз, ал кодду ачканга аракет кылмаксыз. Сиз бул кабарды жиберген акыл-эстүү кимдир бирөө кодду коюп койду деген тыянакка келмексиз. Ал эми биз денебиздин ар бир клеткасында алып жүргөн ДНКнын “коду” канчалык татаал? ДНКнын татаалдыгы жана жасалган максаты кодду жазып койгон Акыл-эстүү Автор бар экенин билдирбейби?

Кудай ушундай татаал жана кылдаттык менен жасалган табигый дүйнөнү жаратып гана койбостон, ар бир адамдын жүрөгүнө түбөлүктүүлүк сезимин да салып койгон (Насаатчы 3:11). Адам баласынын аң сезиминде көзгө көрүнгөн дүйнөдөн башка дүйнө, жердеги түйшүктөн башка жогорку жашоо бар деген ички туюм бар. Биздин түбөлүктүүлүктү сезүүбүздү эки нерседен байкасак болот: биринчиси – мыйзамдар, экинчиси – ар түрдүү кудайларга табынуу.

Тарыхта ар бир цивилизация кандайдыр бир адеп-ахлак мыйзамдарын баалап келген. Таң калычтуусу, ал мыйзамдар бардык маданияттарда бирдей болгон. Мисалы сүйүү идеалы бүт дүйнөдө жогору бааланып, калп айтуу бүт дүйнө жүзүндө айыпталат. Кадимки адеп-ахлактуулук (эмне жакшы, эмне жаман экенин түшүнүү) бизге ушундай айырмалоону үйрөткөн жогорку адеп-ахлактуу Бирөө бар экендигин билдирет. 

Ошол сыяктуу эле, кайсыл гана маданият болбосун, дүйнөдөгү бардык адамдар дайыма табынуу системасын орнотуп келишкен. Адамдар табынган нерселер ар түрдүү болушу мүмкүн, бирок бардык адамдар “жогорку күчтөр” бар деген четке кагылбас сезимге ээ. Биз табынууга тартылганыбыздын себеби, Кудай бизди “Өзүнүн бейнесиндей” жараткан (Башталыш 1:27).

Ошондой эле, Кудай бизге Өзүн Ыйык Китеп деген Сөзү аркылуу ачып берген. Ыйык Китептин бардык жеринде Кудайдын бар экендиги толугу менен өзүнөн-өзү түшүнүктүү факт катары көрсөтүлөт (Башталыш 1:1Чыгуу 3:14). Адам өмүр баянын жазганда, ал өзүнүн бар экендигин далилдөөгө убакытын коротпойт. Ошол сыяктуу эле Кудай Өзүнүн сөзүндө Өзүнүн бар экендигин далилдеп отурбайт. Ыйык Китептин өмүрдү өзгөртүүчү табияты жана аны жазууда коштогон кереметтер ага олуттуу мамиле кылууга негиз болуп берет.

Кудай Өзүн ачып берген үчүнчү жол – бул Анын Уулу Ыйса Машаяк (Жакан 14:6-11). “Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон. Сөз адам болуп, биз менен жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле” (Жакан 1:1,14; ошондой эле Колостуктар 2:9ду караңыз).

Ыйса Өзүнүн укмуштуу жашоосунда Эски Келишимдин бардык мыйзамдарын толугу менен сактап, Машаякка тиешелүү пайгамбарчылыктарды орундаткан (Матай 5:17). Ал Өзүнүн кабарын жар салып, Кудай экендигин далилдөө үчүн адамдардын көзүнчө көптөгөн жакшы иштерди жана кереметтерди жасаган (Жакан 21:24-25). Айкаш жыгачка кадалгандан үч күн өткөндөн кийин, Ал өлүп кайра тирилген. Бул фактыны жүздөгөн күбөлөр өз көзү менен көргөнүн тастыкташкан (1-Корунттуктарга 15:6). Ыйсанын ким экендигин “далилдеген” тарыхый жазмалар да көп. Элчи Пабыл айткандай, эч кимге байкалбагыдай “бул окуялар бир бурчта эле болуп өткөн эмес” (Элчилердин иштери 26:26).

Биз Кудайга карата өздөрүнүн жеке ойлору бар сынчылар жана далилдерди ошого жараша чечмелеген адамдар дайыма болорун түшүнөбүз. Канча далил келтирсек да, ишенбеген адамдар болушу мүмкүн (Забур 14:1). Баары ишенимге жараша болот (Эврейлерге 11:6).