Ыйык Китеп чынында эле Кудайдын Сөзүбү?

 

Бул суроого берген жообубуз биздин Ыйык Китепке (б.а. Библияга) болгон көз карашыбызды жана анын биздин жашообуз үчүн болгон маанилүүлүгүн гана аныктабастан, ал бизге акыры түбөлүктүү таасир тийгизерин билдирет. Эгер Ыйык Китеп чындап эле Кудайдын Сөзү болсо, биз аны аздектеп, изилдеп, ага баш ийип, ага толугу менен ишенишибиз керек. Эгерде Ыйык Китеп чындап эле Кудайдын Сөзү болсо, анда аны четке кагуу Кудайдын Өзүн четке кагууга барабар.

Кудайдын бизге Ыйык Китепти бергендиги – бул Анын бизге болгон сүйүүсүнүн күбөлүгү жана далили. «Аян» деген термин жөн гана Кудай Өзүнүн кандай экенин жана биз Аны менен мамиле куруу укугуна кантип ээ болорубузду билдирүү үчүн адамзаты менен байланышуу дегенди билдирет. Бул биз биле албаган нерселерди Кудай бизге Кудайлык күчү менен Ыйык Китепте ачып берди дегенди билдирбейт. Кудай Өзү жөнүндөгү аянды 1500 жылга жакын аралыкта акырындап ачып бергени менен, адам Кудай менен туура мамиледе болушу үчүн Кудай жөнүндө эмнени билиши керек болсо, ошол нерселер ачылып берилген. Эгерде Ыйык Китеп чындап эле Кудайдын Сөзү болгон болсо, анда ал ишеним үчүн, рухий жана адеп-ахлактуу жашоо үчүн эң жогорку авторитет болуп саналат.

Биз өзүбүзгө мындай суроо беришибиз керек: “Ыйык Китеп жөн эле жакшы китеп эмес, Кудайдын Сөзү экенин кантип биле алабыз?” Качандыр бир убакта жазылган башка диний китептерден Ыйык Китепти эмне өзгөчөлөнтүп турат? Ыйык Китеп чынында эле Кудайдын Сөзү экендигине кандайдыр бир далил барбы? Эгерде биз Ыйык Китепти Кудай тарабынан шыктандырылган, ишеним жана тажрыйба үчүн толук жетиштүү болгон чыныгы Кудайдын Сөзү деген жарыялоо туура экенин аныктагыбыз келсе, мындай суроолор олуттуулук менен текшерилиши керек. Ыйык Китеп өзү чынында эле Кудайдын Сөзү экендигин жарыялаганы шексиз. Бул Пабылдын Тиметейге жазган шыктандыруучу сөздөрүнөн даана көрүнөт: “Анын үстүнө, Машайак Ыйсага болгон ишеним аркылуу куткарылууга боло тургандыгын түшүндүрүүчү Ыйык Жазууну сен бала чагыңдан эле билесиң. Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот” (2 Тиметей 3:15-17).

Ыйык Китеп чындап эле Кудайдын Сөзү экендигинин ички да, сырткы да далилдери бар. Ички далилдер – бул Ыйык Китептин ичиндеги анын чындап эле Кудай Сөзү экендигин күбөлөндүргөн нерселер. Ыйык Китеп чындап эле Кудайдын Сөзү экендигинин биринчи далили анын биримдигинен көрүнөт. Ал үч башка континентте, үч башка тилде, 1500 жылдан ашуун убакытта, өмүр жолу ар кандай болгон 40 автор тарабынан жазылган өз алдынча алтымыш алты китептен турса да, башынан аягына чейин карама-каршылыгы жок бир бүтүн китеп болуп саналат. Ушул биримдик аны бардык башка китептерден өзгөчөлөнтүп, Кудай Өзүнүн сөздөрүн адамдарды жазууга шыктандырганын далилдейт. 

Ыйык Китеп чындап эле Кудайдын Сөзү экендигин көрсөткөн далилдердин дагы бири – бул анын барактарында камтылган пайгамбарчылыктар. Ыйык Китепте Ысрайыл эли менен бирге башка элдердин, белгилүү бир шаарлардын жана адамзаттын келечеги жөнүндө жүздөгөн так пайгамбарчылыктар бар. Дагы башка пайгамбарчылыктар келечекте Машаяк деп аталган турган Бирөө келерин, Ал Өзүнө ишене тургандардын Куткаруучусу боло тургандыгы жөнүндө айткан. Башка бир диний китептердин же Нострадамус сыяктуу адамдардын пайгамбарчылыктарынан айырмаланып, Ыйык Китептеги пайгамбарчылыктар майда-чүйдөсүнө чейин маалымат берилет. Эски Келишимде Ыйса Машаякка тиешелүү үч жүздөн ашык пайгамбарчылык бар. Ал кайсы жерде төрөлөрү жана Анын санжырасы гана эмес, Ал кантип өлөрү жана кайра тирилери жөнүндө айтылган. Ыйык Китепте аткарылган пайгамбарчылыктарды Кудай Өзү ишке ашырган деп эсептебесек, муну адамдык акыл менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ыйык Китепчелик көлөмдүү же алдын ала айтылган пайгамбарчылыктардын көп түрүн камтыган башка диний китептер жок.

Ыйык Китеп Кудайдан экендигинин үчүнчү ички далили – анын уникалдуу кадыр-баркы жана күчү. Биринчи эки далилге караганда бул далил жеке көз карашка жакыныраак болгону менен бул да Ыйык Китептин Кудайдан экендигин билдирген жогоруда келтирилген күбөлүктөрдөй эле күчтүү күбөлүк болуп саналат. Качандыр бир убакта жазылган бир дагы китептин Ыйык Китептикиндей кадыры болгон эмес. Бул кадыр-барк менен күч Кудайдын Сөзүнүн адаттан тышкаркы кудурети аркылуу сансыз адамдардын өзгөргөн жашоолорунан көрүнөт. Баңги затка байланып калгандар Ыйык Китеп аркылуу айыгышып, бачабаздар (б.а. бири-бири менен жыныстык катнашка барган эркектер) ал аркылуу боштондукка чыгып, четке кагылгандар жана бекерпоздор ал аркылуу өзгөрүшүп, жүрөгү катууланып калган кылмышкерлер менен күнөөкөрлөр айыптарын моюнга алып, жек көрүүгө толгондор сүйүүгө кайрылышкан. Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү болгону үчүн гана өтө зор жана өзгөртө турган күчкө ээ.

Ошондой эле Ыйык Китеп чындап эле Кудайдын Сөзү экендигин далилдеген сырткы далилдер бар. Алардын бири – бул Ыйык Китептин тарыхты камтыганы. Ыйык Китеп тарыхый окуяларды так сүрөттөгөндүктөн, анын ишенимдүүлүгү жана тактыгы кандайдыр бир башка тарыхый документ сыяктуу эле каралууга тийиш. Археологиялык далилдер да, башка жазуулар да Ыйык Китептеги тарыхый маалыматтар так жана чындык экендигин кайра-кайра далилдеп келген. Чындап эле Ыйык Китептин чындыгын далилдеген археологиялык табылгалар жана кол жазмалар анын байыркы дүйнөнүн эң жакшы документтелген китеби экенин көрсөтөт. Ыйык Китепте текшерип көрүүгө мүмкүн болгон тарыхый окуялар так жана ишенимдүү жазылганы андагы акыл-насаат менен окутулууларга тиешелүү нерселер да ишенимге татыктуу экенин көрсөтүп, ал чыныгы Кудайдын Сөзү деген жарыялоону ого бетер бекемдейт. 

Ыйык Китеп чындап эле Кудайдын Сөзү экендигинин сырткы далилдеринин бири – бул анын авторлорунун биримдиги. Жогоруда айтылып кеткендей, Кудай Өз Сөзүн жаздыруу үчүн өмүр жолу ар кандай болгон адамдарды колдонгон. Ал адамдардын жашоосун изилдеп көргөндө, алар чынчыл жана ак пейил адамдар экенин көрөбүз. Алар өздөрүнүн ишеними үчүн өлүүгө да, ал тургай азап чегип өлүүгө да даяр болгондугу бул жөнөкөй бирок ошол эле учурда чынчыл адамдар өздөрүнө Кудай сүйлөгөндүгүнө чындап ишенгендигин күбөлөндүрөт. Жаңы Келишимди жазган адамдар жана жүздөгөн башка ишенүүчү адамдар алардын кабары чындык экенин билишкен (1 Корунттуктар 15:6), анткени алар Ыйса Машаяк өлүп тирилгенден кийин Аны көрүп, Аны менен чогуу болушкан. Тирилген Ыйсаны көрүү аларга абдан зор таасирин тийгизген. Өлүмдөн коркуп жашынып жүргөн алар андан соң Кудай өздөрүнө ачып берген кабар үчүн өлүүгө даяр болуп калышкан. Алардын жашоолору жана өлүмү Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү экендигин күбөлөндүрөт.

Ыйык Китеп чындап эле Кудайдын Сөзү экендигинин дагы бир сырткы далили – Ыйык Китептин жок болуп кетпегени. Ыйык Китеп өтө маанилүү болуп, өзү чынында Кудайдын Сөзү экендигин жарыялагандыктан, тарыхта башка бир да китепти ал сыяктуу жок кылганга аракет кылышкан эмес. Ыйык Китеп Диоклетиан сыяктуу алгачкы Рим императорлорунан баштап, коммунист-диктаторлордон өтүп, азыркы күндөгү атеисттер менен агностиктердин чабуулуна жана сынына туруштук берип, өзүнө кол салгандардан озуп, бүгүнкү күндө да дүйнөдөгү эң көп басып чыгарылган китеп бойдон кала берүүдө.

Көптөгөн убакыт бою сынчылар Ыйык Китепти мифологиялык китеп деп эсептеп келишкен, бирок археологдор анын тарыхый китеп экенин ырасташкан. Каршылаштар анын окутуусун өтө жөнөкөй жана замандан артта калган деп каршы чыгышат, бирок анын адеп-ахлактык эрежелери, мыйзам топтомдору жана окутуулары бүт дүйнө жүзүндөгү коомчулукка жана маданияттарга оң таасирин тийгизип келген. Ага илимпоз аттуулар, психологиялык жана саясий кыймылдар каршы чыгышкан, бирок ал алгач жазылганда кандай акыйкаттык менен маанилүүлүккө ээ болгон болсо, бүгүн да ошол бойдон калууда. Бул китеп акыркы 2000 жылдын ичинде сансыз адамдардын жашоолорун жана маданияттарды өзгөртүп келе жатат. Анын каршылаштары ага канчалык каршы чыгып, жок кылууга же ишенимден чыгарууга аракет кылбасын, ал Ыйык Китеп бойдон кала берет; анын тууралыгы жана адамдардын жашоолоруна тийгизген таасири талашсыз. Канча ирет аны булгоого, кол салууга же жок кылууга аракет кылынбасын, Ыйык Китептин толук сакталып калгандыгы ал чыныгы Кудайдын Сөзү экендигинин жана Кудай тарабынан кереметтүү түрдө корголуп келгендигинин айкын далили болуп саналат. Ыйык Китеп кандай кол салууларга дуушар болсо да, өзгөрбөгөн жана зыян тартпаган бойдон кала бергени бизди таң калтырбашы керек. Ыйса мындай деген: “Асман менен жер жок болуп кетет, Менин сөздөрүм болсо жок болбойт” (Марк 13:31). Бул далилдерди көргөн адам: “Ооба, Ыйык Китеп чыныгы Кудайдын Сөзү экендиги шексиз”, – деп айта алат.