Ыйык Китеп Кудайдын Үчилтиги жөнүндө эмнени үйрөтөт?

 

 

Машаякчылыкта түшүнүүгө эң кыйын болгон нерселердин бири – бул Кудайдын Үчилтиги (б.а. Ата, Уулу жана Ыйык Рухтан турган бир Кудай бар деген окутуу). Кудайдын Үчилтигин адам башка бирөөгө түшүндүрмөк турсун, өзү да толук түшүнө албайт. Кудай бизден бир топ улуу, ошол себептен биз Аны толук түшүнүүгө үмүттөнбөшүбүз керек. Ыйык Китеп Ата да Кудай экенин, Ыйса да Кудай экенин жана Ыйык Рух да Кудай экенин айтат. Ошол эле маалда Ыйык Китеп бир гана Кудай бар экенин үйрөтөт. Биз Үчилтиктеги Кудайдын үч Инсандыгынын[1] бири-бирине болгон мамилесинин кээ бир фактыларын түшүнө алганыбыз менен, Кудайдын мындай табияты адамдын акылына сыйбас нерсе болуп саналат. Бирок бул Үчилтик чындык эмес же Ыйык Китептин окутуусуна негизделген эмес дегенди билдирбейт.

«Үчилтик» деген үч Инсандыгы бар бир Кудайды билдирген сөз болуп саналат. Муну кандайдыр бир үч Кудай бар деген ой катары түшүнбөш керек. Бул теманы изилдеп жатканда Ыйык Жазууда «Үчилтик» деген сөз жок экени эсиңизде болсун. Бул термин – Үчбирдиктүү Кудайдын курамындагы бирдей деңгээлде бар болгон жана түбөлүктүү болгон Үч Инсандыкты сүрөттөөгө аракет кылууда колдонулган термин. Эң маанилүүсү, «Үчилтик» деген сөз менен берилген түшүнүк Ыйык Жазууда бар. Кудайдын Сөзү Үчилтик жөнүндө төмөнкүлөрдү айтат:

  1. Кудай жалгыз (Мыйзамды кайталоо 6:41 Корунттуктарга 8:4Галатиялыктарга 3:201 Тиметей 2:5).
     
  2. Үчилтик үч Инсандан турат (Башталыш 1:1263:2211:7Ышайа 6:848:1661:1Матай 3:16-1728:192 Корунттуктарга 13:13). Башталыш китеби 1:1де, эврей тилинде көптүк түрдө «Элохим» деген сөз колдонулган. Башталыш 1:263:2211:7 жана Ышайа 6:8де, «биз» деген көптүк түрдөгү ат атооч колдонулган. «Элохим» деген сөз жана «биз» деген ат атооч эврей тилинде даана эле экиден көп нерсеге тиешелүү. Бул Үчилтикти даана далилдеген аргумент болбогону менен, Кудайдын көптүгүн белгилеген аспект болуп саналат. Эврей тилиндеги Кудайга карата колдонулган «Элохим» деген сөз Үчилтикке тиешелүү.
     
    Ышайанын китеби 48:16 жана 61:1де, Уул Атасына жана Ыйык Рухка кайрылып сүйлөйт. Ышайанын китеби 61:1 менен Луканын жакшы кабары 4:14-19ду салыштырсак, Уул сүйлөп жатканын көрөбүз. Матай 3:16-17де Ыйсанын чөмүлдүрүүсү сүрөттөлөт. Бул үзүндүдө Кудай Ыйык Рух Кудай Уулга түшүп жатканда, Кудай Ата Уулуна ыраазы экенин жарыялайт. Матай 28:19 жана Корунттуктарга жазылган 2-кат 13:13 Үчилтикте үч башка инсан бар экендигинин көрсөткөн мисалдар болуп саналат.
     
  3. Үчилтиктин мүчөлөрү кээ бир аяттарда бири-биринен бөлүнгөн. Эски Келишимде (жалаң чоң тамгалар менен жазылган) «ТЕҢИР» деген сөз (биринчи тамгасы гана чоң болгон)«Теңир» деген сөздөн айырмаланат (Башталыш 19:24Ошуя 1:4). ТЕҢИРДИН Уулу бар (Забур 2:712Накыл сөздөр 30:2-4). Рух “ТЕҢИРДЕН” айырмаланат (Сандар 27:18) жана «Кудайдан» айырмаланат (Забур 50:12-14). Кудай Уул Кудай Атадан айырмаланат (Забур 45:6-7Эврейлерге 1:8-9). Жаңы Келишимде Ыйса Атасына Жардамчы Ыйык Рухту жиберүү жөнүндө айтат (Жакан 14:16-17). Бул Ыйса Өзүн Ата деп, же Ыйык Рух деп эсептебегенин билдирет. Ошондой эле, Жакшы Кабарларда Ыйса Атасына кайрылып сүйлөгөн бардык учурларды эске алыңыз. Ал Өзүнө Өзү сүйлөп жатты беле? Андай эмес. Ал Үчилтиктеги башка инсанга – Атага кайрылып жаткан.
     
  4. Үчилтиктин ар бир мүчөсү – Кудай. Ата – Кудай (Жакан 6:27Римдиктерге 1:71 Петир 1:2). Уул – Кудай (Жакан 1:114Римдиктерге 9:5Колосалыктарга 2:9Эврейлерге 1:81 Жакан 5:20). Ыйык Рух – Кудай (Элчилердин иштери 5:3-41 Корунттуктарга 3:16).
     
  5. Үчилтиктин ичинде субординация (бири-бирине баш ийүү тартиби) бар. Ыйык Жазуу Ыйык Рух Атага жана Уулга, ал эми Уул Атасына баш ийерин көрсөтөт. Мындай ич ара мамиле Үчилтиктин ичиндеги инсандардын биринин да кудайлыгын кемитпейт. Бул – чексиз Кудай жөнүндө биздин чектелген акылдарыбыз түшүнө албаган тармак. Уул тууралуу Луканын жакшы кабары 22:42Жакандын жакшы кабары 5:36 жана 20:21ди, жана Жакандын 1-каты 4:14тү, Ыйык Рух тууралуу Жакандын жакшы кабары 14:1614:2615:2616:7 жана өзгөчө 16:13-14тү караңыз.
     
  6. Үчилтиктин ар бир мүчөсүнүн ар башка функциялары бар. Ата – ааламдын (1 Корунттуктарга 8:6Аян 4:11), Өзү ачып берген аяндын (Аян 1:1), куткаруунун (Жакан 3:16-17) жана Ыйсанын иштеринин (Жакан 5:1714:10) жалгыз булагы жана себепкери. Ата булардын бардыгын башаты болуп саналат.

Уул Атанын өкүлү. Уулу аркылуу Ата төмөнкү иштерди кылат: жаратуу жана ааламды башкарып сактап туруу (1 Корунттуктарга 8:6Жакан 1:3Колосалыктарга 1:16-17); Өзү жөнүндө аян берүү (Жакан 1:116:12-15Матай 11:27Аян 1:1); жана куткаруу (2 Корунттуктарга 5:19Матай 1:21Жакан 4:42). Ата ушул нерселердин баарын Уулу аркылуу кылат, ал эми Уулунун иши – өкүл болуу.

Ыйык Рухту күч же каражат катары колдонуу аркылуу Кудай Ата Өзүнүн төмөнкү иштерин аткарган: жаратуу жана ааламды башкарып сактап туруу (Башталыш 1:2Аюб 26:13Забур 104:30); Өзү жөнүндө аян берүү (Жакан 16:12-15Эфестиктерге 3:52 Петир 1:21); куткаруу (Жакан 3:6Титке 3:51 Петир 1:2); жана Ыйсанын иштери (Ышайа 61:1Элчилердин иштери 10:38). Ошентип, Ата бул иштердин бардыгын Ыйык Рухтун күчү менен кылат.

Үчилтикти сүрөттөөгө көптөгөн аракеттер болгон. Бирок кеңири белгилүү болгон сүрөттөмөлөрдүн бири да так эмес. Буга чейин алма же жумуртканын мисалы колдонулуп келген. Жумуртканын жана алманын мисалынын кемчилиги төмөнкүдөй: жумуртканын кабыгы, агы жана сарысы жумуртканын өзү эмес, анын кайсы бир бөлүктөрү болуп саналат; ал эми алманын кабыгы, ичи жана данеги да алманын өзү эмес, анын бөлүктөрү. Ата, Уул жана Ыйык Рух Кудайдын бөлүктөрү эмес, алардын ар бири Кудай. Суунун мисалы бир аз жакшыраак, бирок ал деле Үчилтикти толук кандуу сүрөттөп бере албайт. Суюктук, буу жана муз – суунун формалары. Ал эми Ата, Уул жана Ыйык Рух Кудайдын формалары эмес, алардын ар бири Кудай. Ошентип, бул сүрөттөмөлөр бизге Үчилтиктин элесткенге жардам бере алганы менен аны толук түшүндүрүп бере албайт. Чексиз Кудайды чектелген мисалдар менен толук сүрөттөө мүмкүн эмес.

Үчилтик окутуусу Машаякчылык жыйындын тарыхында дайыма суроолорду туудуруп келген. Бирок Үчилтик тууралуу негизги түшүнүктөр Кудайдын Сөзүндө даана эле берилген, бирок бул кандайча мүмкүн экендиги толук берилген эмес. Ата – Кудай, Уул – Кудай, Ыйык Рух – Кудай, бирок ошол эле учурда бир гана Кудай бар. Ыйык Китептеги Үчилтиктин окутуусу ушундай. Мындан сырткаркы суроолор белгилүү деңгээлде талаш-тартыш чыгарат жана алардын кереги деле жок. Үчилтикти биздин чектелген акылыбыз менен аныктоого аракет кылгандан көрө, Кудайдын улуулугуна жана чексиз улуу табиятына көңүл буруп кызмат кылганыбыз жакшы. «Оо, Кудайдын акылы кандай терең, Анын билими кандай жеткилең! Анын чечимдери акыл жеткис, Анын жолдору изилденгис! Теңирдин акылын түшүнгөн адам барбы? Же Ага кеңешчи болгон адам барбы?» (Римдиктерге 11:33-34).

 

[1] Эскертүү: бул макаладагы «инсан» же «инсандык» деген сөз адамды эмес, аң сезими бар тирүү жанды билдирет; орусчада бул «личность» деген сөз.