Ыйык Китеп кумар оюндары жөнүндө эмне дейт?

 

 

Ыйык Китепте кумар оюндарын, оюндарга акча сайып ойноону же лотереяны ачык айыптаган аяттар жок. Ошентсе да, Ыйык Китеп бизге акча жандуулуктан (б.а. дүнүйөкорлуктан) алыс болууну эскертет (1-Тиметей 6:10Эврейлерге 13:5). Ошондой эле, Ыйык Жазуу бизди «тез байып кетүү» аракеттеринен алыс болууга үндөйт (Накыл Сөздөр 13:1123:5Насаатчы 5:10). Кумар оюндары даана эле акча жандуулук болуп саналат жана адамдарды тез келе турган, оңой жана жеңил табылуучу байлыктарга азгырат.

Кумар оюнунун эмнеси туура эмес? Кумар оюну жөнүндөгү суроо татаал суроо, аны сөзсүз эле жамандык дегенге болбойт, бирок жада калса чени менен жана кээде гана ойнолгон кумар оюну да акчаны ысырап кылууга жатат. Адамдар ар кандай иш-аракеттерге, (көпчүлүк учурларда) кино, зарыл эмес кымбат тамак-аш жана керексиз буюмдар сыяктуу нерселерге деле көп акча коротушат. Бирок акча башка нерселерге деле королуп жатпайбы деп кумар оюнун актоого болбойт. Акча ысырап болбошу керек. Ашыкча акча кумар оюнуна сарпталбастан, келечектеги муктаждыктар үчүн топтолушу же Теңирдин ишине жумшалышы керек.

Ыйык Китеп кумар оюндарын ачык айыптабаганы менен, «жолу болуу» же «кокустук» деген нерселер жөнүндө айтат. Мисалы, Лебилер китебинде курмандык чалынуучу теке менен чөлгө коё берилүүчү текенин бирин тандоо үчүн өкчөмө таш ыргытылган. Жашыя ар кайсы уруулардын кимисине кайсыл жерди бөлүштүрүп берүүнү билүү үчүн өкчөмө таш ыргыткан. Некемия Иерусалим чебинин ичинде ким жашашы керектигин аныктоо үчүн өкчөмө таш ыргыткан. Элчилер Жүйүттүн ордуна ким элчи болорун билүү үчүн өкчөмө таш ыргытышкан. Накыл Сөздөр китеби 16:33 мындай дейт: «Өкчөмө таш жерге ыргытылат, бирок анын бардык чечими Теңирден болот».

Ыйык Китеп казино менен лотереялар жөнүндө эмне демек? Казинолор оюнчуларды азгырып, болушунча көп акчасын тобокелге салдыруу максатында оюндарга кызыктыруунун ар кандай амалдарын колдонушат. Алар көп учурларда адамдарды мас кылдыруу үчүн, арзан, жада калса, бекер ичимдиктерди сунуш кылышат, бул оюнчулардын акылдуу чечимдерди чыгаруу жөндөмүн азайтат. Казинодо бардык шарттар көп суммадагы акчаны алып калып, убактылуу ырахаттан башка эч нерсени кайрып бербей тургандай кылып мыкты түзүлгөн. Ал эми лотереялар билим же социалдык программаларды колдоп жаткандай түр көрсөтүшөт. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, лотереяга катышкандар ошол лотереяларды сатып алуу үчүн чоң чыгым жасаган адамдар болуп саналат. Акчага катуу муктаж болуп тургандар үчүн «тез арада байып кетүү» азгырыгына каршы туруу өтө кыйын. Утуп алуу мүмкүнчүлүгү өтө аз, тескерисинче бул көп адамдардын жашоолорунун талкалануусуна алып келет.

Лотореядан түшкөн киреше Кудайга жагабы? Көп адамдар лотерея же кумар оюндарын ойноп, кирешени жыйынга же башка бир жакшы иштерге колдонобуз деп жарыялашат. Бул жакшы ниет болгону менен, чындыгында, уткандардын бир нечеси гана акчасын такыбаа иштерге колдонушат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, лотерея уткандардын көбү чоң утуштан кийин бир нече жыл өтпөй мурункудан да жаман финансылык абалга туш болушат. Акчасын чыныгы жакшы иштер үчүн колдонгондор аз, жокко эсе десе да болот. Мындан сырткары, Кудай Өзүнүн дүйнөдөгү миссиясын колдоо үчүн акчага муктаж эмес. Накыл Сөздөр 13:11 мындай дейт: «Оңой жол менен табылган байлык тез жок болот, ал эми мээнет менен жыйнаган адам байлыгын арттырат». Кудайдын колунан баары келет, Ал жыйындын муктаждыктарын таза каражаттар менен толтура алат. Кудай баңги заттарды сатып же банкты тоноп алып тартууланган акча аркылуу даңкталабы? Албетте, даңкталбайт. Ошондой эле, Кудай байлыкка азгырылгандар жакырлардан «уурдап» алып, тартуулаган курмандыктарды да каалабайт.

Тиметейге жазылган 1-кат 6:10 бизге мындай дейт: «Анткени бүт жамандыктын тамыры – акча жандуулук. Акчага кызыгып, кээ бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты». Эврейлерге жазылган кат 13:5 мындай деп жарыялайт: «Дүнүйөкор болбогула, колуңарда болгонуна ыраазы болгула. Анткени Кудай Өзү: “Сени калтырбайм жана таштабайм”, – деп айткан». Матайтын жакшы кабары 6:24 мындай деп жарыялайт: «Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт. Бирин жаман көрүп, бирин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар».