Эмне үчүн мен өз жанымды кыйбашым керек?

 

 

Бул макалада өз жанын кыйган адамдарга чын жүрөктөн кайрылабыз. Эгер сенде ушундай ойлор болуп жатса, бул үмүтсүздүк жана көңүл калуу сыяктуу сезимдердин кучагында жүргөнүңдү билдирет. Сен өзүңдү терең аңга түшүп калгандай, мындан ары иштер оңолуп кетет деген үмүт жоктой сезип жаткан болушуң мүмкүн. Сенин эмне болуп жатканыңды эч ким түшүнбөй жаткандай сезилиши мүмкүн. Андан ары жашап деле кереги жок го ... же жашаш керекпи?

Эгер сен бир азга ойлонуп, Кудайга сенин жашооңдо Өзүнүн чыныгы кудайлык күчүн көрсөткөнгө азыр жол берсең, Ал сага канчалык улуу экенин далилдеп берет: “Себеби Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок” (Лука 1:37). Балким, буга чейинки жашооңдо бирөөлөр сени таштап койгону же четке какканы үчүн, жүрөгүң жараланган болушу мүмкүн. Бул өзүн-өзү аёого, ачууланууга, таарынычка, өч алуу каалоосуна же сенин эң маанилүү мамилелериңде көйгөйлөрдү пайда кылган негизсиз коркунучтарга алып келген болушу мүмкүн.

Эмне үчүн сен жаныңды кыйбашың керек? Досум, жашооң канчалык оор болбосун, сүйүүнүн Кудайы сени көңүл калуунун туңгуюгунан Өзүнүн укмуштуу жарыгына жетелеп чыгаруу үчүн күтүп турат. Ал – сенин бекем үмүтүң. Анын аты – Ыйса.

Ушул Ыйса, күнөөсүз Кудайдын Уулу, четке кагылып, сендей басынтылган абалда болгон. Ышайа пайгамбар Ал жөнүндө Ышайа 53:2-6да: “биз Андан жүзүбүздү ала качтык, Ал жек көрүндү болду”, – деп жазат. Анын өмүрү кайгы менен азапка толгон. Бирок Анын башына түшкөн кайгылар Анын Өзүнүкү эмес, биздики эле. Анын колу-буттары тешилген, Ал жараланган, мунун бардыгы күнөөнүн айынан болду. Ал азап тартуу аркылуу биздин күнөөлөрүбүздүн кунун төлөгөнү үчүн, биз эми куткарылып, толук кандуу жашоого ээ боло алабыз.

Досум, Ыйса Машаяк сенин күнөөлөрүңдүн баары кечирилиши үчүн, ушунун баарын көтөргөн. Сен кандай жүктү же айыпты көтөрүп жүрбөгүн, эгер Аны момундук менен Куткаруучуң катары кабыл алсаң, Ал сени кечирерин бил. “Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың” (Забур 49:15). Сен кандай гана жаман нерсе кылбагын, Ыйса кечире албагыдай өтө жаман иш кылган эмессиң. Анын эң жакшы кызматчыларынын кээ бирлери киши өлтүрүү сыяктуу абдан чоң күнөөлөрдү кылышкан (мисалы, Муса), ойноштук кылышкан (мисалы, Дөөт падыша), башкаларды денелик жана эмоционалдык жактан жазалашкан (мисалы, элчи Пабыл). Ошентсе да алар Теңир аркылуу кечиримге жана жаңы, ашып-ташыган өмүргө ээ болушкан. “Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал – жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду!” (2 Корунттуктарга 5:17).

Эмне үчүн сен өз жаныңды кыйбашың керек? Досум, Кудай “талкаланганды”, тактап айтканда, сенин өз жаныңды кыйып бүтүргүң келген жашооңду оңдогусу келет. Ышайа 61:1-3тө пайгамбар мындай деп жазган: “Теңирдин руху Менде, анткени Теңир Мени жакырларга жакшы кабар таратууга майлады. Мени жүрөгү кайгыргандарды айыктырууга, туткундарга эркиндик жарыя кылууга, камактагыларга зындандын ачылышын жарыя кылууга, Теңирдин ырайым кыла турган жылын жарыя кылууга, Кудайыбыздын өч алчу күнүн жарыя кылууга, кыйналгандардын бардыгын сооротууга, Сиондогу кайгыргандарга күл ордуна жасалга, ый ордуна кубаныч майын, кайгылуу рух ордуна даңктын кийими берилерин жарыя кылууга жиберди”.

Ыйсага келип, Ал жашооңду жаңыдан баштарына ишенип, Ага сени калыбыңа келтирип, кубанычка жана пайдалуу жашоого кайра ээ кылышына жол бер. Ал сен жоготуп алган кубанычты калыбына келтирүүнү жана күч берүүчү жаңы рухту берем деп убада кылат. Сенин моюн сунган жүрөгүң Ал үчүн абдан кымбат: “Чын жүрөктөн өкүнүү – Кудай алдында курмандык. Сен өкүнүп, моюн сунган жүрөктү жек көрбөйсүң” (Забур 50:1216-19).

Сен Теңирди Куткаруучуң жана Кайтаруучуң катары кабыл аласыңбы? Ал сенин ойлоруңду жана кадамдарыңды күн сайын Өзүнүн Сөзү – Ыйык Китеп аркылуу жетектеп турат. “Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө” (Забур 31:8). “Ошондо сенин коопсуз күндөрүң келет, куткарылуу, акылмандык жана билим мол болот. Кудайдан коркуу сенин байлыгың болот” (Ышайа 33:6). Ыйса дагы эле сен үчүн күрөшөт, ошондуктан сенде үмүт болот. Ал сага “бир тууганыңдан да жакын дос болот” (Накыл сөздөр 18:24). Сен чечим чыгарып жатканда Теңир Ыйсанын ырайымы сени менен болсун.

Эгерде сен Ыйса Машаякка өзүңдүн Куткаруучуң катары ишенгиң келсе, төмөндөгү сөздөрдү чын жүрөгүңдөн Кудайга айт: “Кудай, Сен менин жашоомо керексиң. Менин бардык күнөөмдү кечир. Ыйса Машаякка таянып, Ал менин Куткаруучум экенине ишенем. Суранам, мени тазалачы, айыктырчы, бул жашоого кубанууга жардам берчи. Мага болгон сүйүүң үчүн жана Ыйса менин ордума өлгөнү үчүн рахмат”.