Күнөөкөрдүн сыйынуусу деген эмне?

 

 

Күнөөкөрдүн сыйынуусу деген – адам өзүн күнөөкөр жана куткаруучуга муктаж экенин түшүнүп, Кудайга кайрылып сыйынган сыйынуу. Бирок күнөөкөрдүн сыйынуусун жөн эле кайталап коюу эч жардам бербейт. Чыныгы күнөөкөрдүн сыйынуусу адам өзүнүн күнөөкөрлүгү жана куткарылууга муктаж экендиги жөнүндө эмнени билгенин, түшүнгөнүн жана эмнеге ишенгенин гана билдирет.

Күнөөкөрдүн сыйынуусунун биринчи бөлүгү – күнөөкөр экенибизди түшүнүү. Римдиктерге жазылган кат 3:10 мындай деп жарыялайт: «Ыйык Жазууда жазылгандай: “Бир да адил адам жок"». Ыйык Китеп биз баарыбыз күнөө кетиргенибизди даана эле айтат. Биз баарыбыз ырайымга жана кечиримге муктаж болгон күнөөкөрлөрбүз (Титке 3:5-7). Күнөөбүздүн айынан түбөлүк жазага татыктуубуз (Матай 25:46). Күнөөкөрдүн сыйынуусу – бул соттун ордуна ырайым сурап өтүнүү, каардын ордуна аоёну сурап жалынуу.

Күнөөкөрдүн сыйынуусунун экинчи бөлүгү – бул Кудай биздин адашкан жана күнөөкөр абалыбызды калыбына келтириш үчүн эмне кылгандыгын билүү. Кудай Ыйса Машаяктын инсандыгында адам болуп бул дүйнөгө келген (Жакан 1:1,14). Ыйса бизге Кудай жөнүндөгү чындыкты үйрөтүп, жеткилең, адил жана күнөөсүз өмүр сүргөн (Жакан 8:462 Корунттуктарга 5:21). Ыйса биздин жазабызды алып, биздин ордубузга айкаш жыгачта өлгөн (Римдиктерге 5:8). Ал күнөөнүн, өлүмдүн жана тозоктун үстүнөн Өзүнүн бийлигин далилдөө үчүн өлүп кайра тирилген (Колостуктарга 2:151 Корунттуктарга 15-бөлүм). Ушулардын баарынын негизинде биздин күнөөлөрүбүз кечирилип, бейишке кирүү жөнүндө убаданы ала алабыз. Биз болгону Ыйса биздин ордубузга өлүп, кайра тирилгенине ишенишибиз керек (Римдиктерге 10:9-10). Биз ырайымдын негизинде, Ыйса Машаякка ишенүү аркылуу гана куткарылабыз. Эфестиктерге жазылган кат 2:8 мындай деп жарыялайт: «Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги».

Күнөөкөрдүн сыйынуусу – бул Ыйса Машаякка Куткаруучум катары таянам деп Кудайга жарыялоо. Куткарып койгон «сыйкырдуу» сөздөр жок. Бизди Ыйсанын өлүмүнө жана тирилүүсүнө болгон ишеним гана куткара алат. Эгерде күнөөкөр экениңизди, Ыйса Машаяк аркылуу куткарылууга муктаж экениңизди түшүнсөңүз, анда Кудайга төмөнкүдөй сыйынсаңыз болот: «Кудай, мен күнөөкөр экенимди билем. Күнөөлөрүмдүн жазасын тартууга татыктуу экенимди билем. Бирок өзүмдү Ыйса Машаякка Куткаруучум катары ишенип тапшырам. Анын өлүмү жана тирилүүсү мага кечиримди алып бергенине ишенем. Мен өзүмдү Ыйсага ишенип тапшырам, Ыйса гана – менин жеке Теңирим жана Куткаруучум. Теңир, мени куткарып, кечиргениң үчүн рахмат! Оомийин!»