Кудай деген ким?
Жетимиш жыл бою, советтер союзунун курамындагы мамлекеттер атеисттик көз карашта тарбияланышкан. Бул көз карашты тутунган муун “эч кандай Кудай жок” деген үгүттүн астында калыптанып келген. Мындай көз караш кийинки жаш муундарга да өз кедергисин тийгизүүдө. Азыркы демократиянын шартында Кудайга ишенүүгө эркин жол ачылганы менен, адамдардын аң-сезимине баягы эски уютку өз таасирин дагы эле тийгизүүдө. Ошондуктан, ар бир адам сыртынан: “Мен да Кудайга ишенем”, - дегени менен, жүрөгүнүн тупкүрүндө аны “эгер Кудай бар болсо, анда Ал ким?” деген суроо ойлондурат. Ушул суроонун тегерегинде ой жүгүртүп көрөлү. Албетте, ушуну окуп алып эле 100% толук жоопту аласыз дегенден алыспыз. Биз болгону ушул маселе жөнүндө ар түрдүү булактар эмне дээрин, ар кайсыл илимпоздор, дүйнөгө белгилүү адамдар эмне деп ой жүгүртүп көргөнүн гана сиздин назарыңызга сунуш кылмакчыбыз.
Кудай ким? Жарыкты изилдеген белгилүү теоретик Де Брольи минтип жазган: “Жарык жөнүндө биз билебиз дегенибиз менен, аны канчалык деңгээлде билебиз?” Ал эми белгилүү биолог Якоб Икскюль болсо минтип жазат: “Тирүүлүк, өмүр, жан эмне экенин эч ким так түшүндүрүп бере албайт”. Чындап эле, жарык кайсы күчтүн негизинде нур чыгарып, жылуулук берип, жана башка касиеттерге ээ болуп жатканын окумуштуулар өздөрү толук билбесе, анан жөнөкөй адамдар кайдан билсин?! Ал эми жан жөнүндө эмне билебиз? Муну окуп отурган окурман сиз дагы тирүү жансыз. Бирок ошол жан эмне экенин толук айтып бере аласызбы? Канааттандыраарлык деңгээлде түшүндүрүп бере аласызбы? Көрдүңүзбү? Бул бир караганда оңой көрүнгөнү менен, иш жүзүнө келгенде эч бир сөз менен айтып бере алгыс, эч бир калем менен жаза алгыс татаал нерсе. Эми жарык менен жан жөнүндө эч нерсе айта албай жатсак, анда экөөнү тең жаратып койгон Жараткан Кудай жөнүндө, Анын ким экени жөнүндө кантип жеткиликтүү түшүндүрсөк болот?
Ошондуктан окурман: “Кана, Кудай ким экенин айтып көрчү”, – деп, жоопту күтүп отурбастан, бул жөнүндө өзүңүз деле акыл калчап, ой жүгүртүп көрсөңүз, дурус болот. Дегеле биз тирүүлүктү кандай түшүнөбүз? Мектепте физикадан: "Бардык нерсе кыймылда болуп турат", – деп окутушканы эсиңизде болсо керек. Демек биз көргөн жана көрбөгөн баардык элементардык бөлүктөр дайыма кыймылда. Ошондуктан, Кудайды тээ асмандын түпкүрүндө кыймылсыз отуруп алып, жердеги жашоону козгоп, кыймылга келтирип жаткан бир сөлөкөт катары элестетпешибиз керек. Аалам-дүйнө чексиз кыймылда болуп жатса, аны жаратып койгон Жаратуучусу кыймылсыз зат эмес да. Кудайдын ким экендиги кадимки “болуу” деген түшүнүктөн сырткары турушу керек. Анткени “Кудай тигиндей же мындай” – деп айта алсак, анда Аны адамдык түшүнүк менен чектеп койгон болоор элек. Кудай Өзү да чексиз кыймылда. Ошондуктан, “Кудай мындай же тигиндей” – деп Анын портретин тартуу мүмкүн эмес.
Кудайдын ким экендигин толук, ынанымдуу түрдө айта албасак, бул Ал жок дегенди билдирбейт. Бирок Кудай жаратып койгон нерселерди карап отуруп, Анын улуулугуна, касиеттерине, мүнөзүнө, кудуретине толук баа бере алабыз. Бул жөнүндө Инжил китебинде Ыйса пайгамбардын шакирттеринин бири элчи Пабыл минтип жазган экен: “Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты, түбөлүктүү күчү жана Кудайлыгы Анын жаратып койгон нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнүп турат. Ошондуктан адамдар актанып кете алышпайт" ( Рим. 1:20 ).
Мындай бир мисалды алалычы: бүгүнкү күндө не бир түркүн унаалар шаарларыбызды аралап чымын-куюн болуп жүрүшөт, аларды жасаган инженер-конструкторлор ким экендигин билбейбиз, бирок мындай унааларды көргөн сайын аларды жасаган адамдардын акылына таң калып суктанбай койбойбуз. Байкасаңыз, элчи Пабыл да ушул ойду айтып жатат. Жараткандын Өзүн көрбөсөк да, Анын колунан чыккан жаратылышты, табиятты көрүп, Жараткандын күчүнө, акылына, касиетине таң калабыз, суктанабыз. Карл Маркстын окутуучусу, диалектиканын атасы Гегель “Кудайга ишенүүнү философиядан сакташ керек”, – деп талап кылган экен.
Ал эми Фрэнцис Бэкон мындай деп айткан: "Философияны үстүртөн изилдөө Кудайдан алыстатат, ал эми аны терең изилдөө Кудайга жакындатат".
Жаратканды жокко чыгаралыбы? Анда, эмне, көз көрүп жана көрбөй тургандын бардыгы, аалам-жердин бардык тартиби, өз мыйзам ченеми менен жайгашкандын бардыгы жөн эле кокустуктун натыйжасыбы? Адамдын мээси да ошол кокустуктун натыйжасы болсо, анда биз туура ойлонуп, бир нерсени таанып билүү үчүн туура ой жүгүртүп, акыл калчап көрүп жатканыбызды кайдан биле алабыз?
Сталин да мындай деген экен: “Дүйнөдө бардык нерсе белгилүү эмес, бирок бардык нерсе белгилүү боло алат”. Эгерде ар түрдүү бурамаларды, дөңгөлөктөрдү, ж.б. тетиктерди бир жерге үйүп койсо, убакыттын өтүшү менен ал өзүнөн-өзү унаага айланып калбайт да; ошол тетиктердин баардыгын өз ордуна коюп, пландуу түрдө жайгаштырып чогулткан иштин артында акыл-эстүү зат жатат да. Демек, көз көрүп турган кереметтүү табиятты, ааламды карап туруп: “Бул өзүнөн-өзү эле пайда болду”, – деп кантип айтабыз. Ушунчалык укмуш тартипте жайгашкан айлана-чөйрөнү, табияттын мыйзам ченемдүүлүктөрүн көрүп туруп, мунун артында жеткилең акылдын ээси – Жаратуучу бар экенин кантип сезбейбиз?! Ал турсун атеист деп эсептелинген Вольтер да мынтип жазган экен: "Дүйнө акыл-эстүү, анткени ал акыл- эстүүлүктөн жаралган".
Ардактуу окурман, айлана-чөйрөгө көнүмүш адат менен карабай, сереп салып, маани берип, акыл токтотуп, абайлап байкап көрүңүзчү: асмандагы жымыңдаган жылдыздар, сууда сүзгөн түрдүү балыктар, асманда учкан түркүн куштар, алардын сайраганы, көз жоосун алган гүлдөр, алардын сөз менен айтып бере алгыс кооздугу жана аңкыган жыты… мындай мисалдарды санап бүтүү мүмкүн эмес. Эми ушунун баары “өзүнөн-өзү пайда болду, кокустуктун натыйжасы, жылдар-кылымдар өтсө эле ушинтип эң сонун кереметке айланып калат” деген жыйынтык чыгарыш бери эле дегенде түркөйлүктүн иши го. Ооба, Кудайдын Өзүн ким экенин айтуу кыйын иш, бирок Ал жаратып койгон, Анын керемет акылынан жаралган дүйнөнү карап отуруп, Кудайдын бар экенине, Анын күчүнө, Анын зор акылдын булагы экендигине ынанбай коё албайсың.
Адам баласы жөн гана убактылуу жашап, анан жок боло турган жандык катары жаратылган эмес. Кудай адам баласын Ыйык Китеп – Тоораттын тастыктоосу боюнча Өзүнө окшоштуруп, өзгөчө кылып жараткан. Ошол үчүн адам баласы куса болуп, бир нерсени, б.а. Өзүнүн Жаратуучусун издеп келет. Анын ким экендигин жан дүйнөсүндө билгиси келет. Ким экендигин билмейинче жаны да тынбайт.
Бакыт-таалай издегенибиз ушундан го; адам баласы башка тирүү жан-жаныбарлардан айырмаланып, жөн эле тирүү зат эмес; адам – рухий зат. Мындайча айтканда, ал – Кудайдын бир бөлүкчөсү – Кудайдын руху аркылуу жаралган зат.
Убагында Ленин, Баркелай аттуу епископтун ой жүгүртүүсүн: “Сенин философияңды жеңүү кыйын экен”, – деп мактаган экен. Тигил болсо мындай аргумент келтириптир: "Дүйнө акыл-эстин натыйжасында гана жашашы мүмкүн. Акыл-эстен сырткары турган болсо, ал чакчелекей башаламандыкка кабылмак. Акыл-эс гана дүйнөгө белгилүү бир тартипти киргизип жатат. Ааламдагы, табияттагы түрдүү категориялардагы белгилүү тартип мунун далили болуп саналат”.
Дүйнө белгилүү бир акыл-эстин негизинде жашап жатат. Ал эми адамдар жер бетинде түбөлүк болгон эмес. Адамдардын акыл-эси да түбөлүктүү эмес. Демек, адам баласы жарала электен мурда эле, башка акыл-эстүү бирөө болгон. Адам өзүн ошол тартиптүү уюштурулган дүйнөнүн бир бөлүгү катары гана сезет. Адам жарала электе эле, дайыма болгон акыл-эстин өзү – бул Кудай. Мен дагы өзүмдүн ички сезимдеримдин,жан дүйнөмдүн жаратуучусумун, кожоюнумун. Дал ошол сыяктуу ааламдын жана адамдын Жаратуучусу, Кожоюну – Кудай.
Ошентип, атеисттик көз караштагы Ленин деле мындай эстүү ой жүгүртүүгө баа берип ынанган экен.
Кымбаттуу окурман, биз бүгүнкү тема менен Кудайдын ким экенин жетиштүү деңгээлде айтып бере алдык дегенден алыспыз. Биз болгону бул аркылуу сиз бул дүйнөгө жөн эле келген кокустук эмессиз, сиз сөзсүз – муну баса белгилей кетели! – Жаратуучунун планындагы адамсыз деп айтмакчыбыз. Ошол Жаратуучуңуздун ким экендигин өз алдыңызча издеп көрүңүз. Ошондо өзүңүздүн бул дүйнөгө келүү-кетүү максатыңызды, өмүрдүн маани-маңызын толук түшүнө аласыз. Дүйнө акыл-эстүү жаратылган, сиз ошол акыл-эстүүлүктүн бир бөлүгүсүз. Андыктан сиз :“Койчу, ишенбейм”, - деп акылсыз иш кылбай, өзүңүздү терең изилдеп көрүүдөн баштаңыз.
Анда эмесе ийгилик каалайбыз!
Ой жүгүртүүлөрүңүз менен бөлүшүп турсаңыз биз кубанычта болобуз.
Автор - Азиз