Кудайдын кандай сапаттары бар? Биз кандай Кудайга ишенебиз?

 

 

Кудайдын Сөзү, Ыйык Китеп бизге Кудай кандай экенин жана кандай эмес экенин айтып берет. Эгерде Ыйык Китептин кадыр-баркы жок болсо, анын Кудайдын сапаттарын түшүндүрүү аракеттери жөн гана бирөөнүн ой пикири болуп саналмак; ал, өзгөчө, Кудайды түшүнүүдө туура эмес болуп чыкмак (Аюб 42:7). Кудайдын кандай экенин түшүнүүгө аракет кылуу биз үчүн өтө маанилүү. Эгерде андай аракет кылбасак, Кудайдын эркине каршы чыгып, жалган кудайларды жасап, алардын артынан түшүп, аларды даңктап калабыз (Чыгуу 20:3-5).

Кудай Өзүн канчалык деңгээлде ачып берүүнү кааласа, Аны ошончолук гана таанып билүүгө мүмкүн. Кудайдын белгилеринин же сапаттарынын  бири –бул «жарык», Кудай Өзүн ушундай сүрөттөйт (Ышайа 60:19Жакып 1:17). Кудай Өзү жөнүндө ачып берген билимди тоотпой коюуга болбойт (Эврейлерге 4:1). Жаратылыш, Ыйык Китеп жана адамга айланган Сөз (Ыйса Машаяк) бизге Кудай кандай экенин билгенге жардам берет.

Кепти Кудай биздин Жаратуучубуз экенин жана биз Анын жаратылышынын бир бөлүгү экендигибизди жана Анын бейнесине окшош болуп жаратылганыбызды түшүнүүдөн баштайлы (Башталыш 1:1Забур 23:1). Адам бардык тирүү жандардан жогору турат, ага жаратылыштын үстүнөн башкаруу бийлиги берилген (Башталыш 1:26-28). Жаратылыш күнөөгө батуунун айынан бузулуп калган, бирок дагы деле Кудайдын иштеринин жарыгын чагылдырып турат (Башталыш 3:17-18Римдиктерге 1:19-20). Жаратылыштын чексиздигин, татаалдыгын, кооздугун жана андагы тартипти байкоо аркылуу биз Кудайдын чексиз кудуреттүүлүгүн сезе алабыз.

Кудайдын кандай экенин изилдөөдө Кудайдын ысымдарын карап чыгуу пайдалуу. Анын төмөнкүдөй ысымдары бар:

Элохим – Күчтүү, кудайлык табияты бар зат (Башталыш 1:1)
Адонай – Эгедер, Кожоюн менен кызматчынын мамилесин билдирет (Чыгуу 4:1013)
Эл Элион – Эң Жогорку, Эң Күчтүү (Башталыш 14:20)
Эл Рой – Көрүп турган Кудуреттүү (Башталыш 16:13)
Эл Шаддай – Кудуреттүү Кудай (Башталыш 17:1)
Эл Олам – Түбөлүктүү Кудай (Ышайа 40:28)
Жахаба – “Бар болуп туруучу” Кудай (Чыгуу 3:13-14).

Кудай түбөлүктүү. Бул Кудайдын башталышы болгон эмес жана Ал дайыма бар болуп турат дегенди билдирет. Ал өлбөс жана чексиз (Мыйзамды кайталоо 33:27Забур 89:21 Тиметей 1:17). Кудай бир калыпта турат. Бул Ал өзгөрбөйт дегенди билдирет. Демек, Кудай толугу менен ишенимдүү жана таянууга татыктуу (Малахия 3:6Сандар 23:19Забур 101:26-27). Кудай салыштырылгыс; Ал сыяктуу эч ким жок. Ага теңдеш эч ким жок жана Ал жеткилең (2 Шемуел 7:22Забур 85:8Ышайа 40:25Матай 5:48). Кудай сырдуу, ченелгис, табылгыс жана Аны толук түшүнүү мүмкүн эмес, Аны толук түшүнгөнгө акыл жетпейт (Ышайа 40:28Забур 144:3Римдиктерге 11:33-34).

Кудай адилеттүү. Ал Өзүнө жаккан иш кылгандарды гана баалабайт, баарына калыс мамиле кылат (Мыйзамды кайталоо 32:4Забур 17:30). Кудай баарынан кудуреттүү; Ал бардык күчкө ээ, Ал Өзү каалаган нерсенин баарын кыла алат, бирок анын иш-аракеттери дайыма Анын мүнөзүнө төп келет (Аян 19:6Жеремия  32:1727). Кудай бир эле маалда бардык жерде болуп турат, Демек, Ал бардык жерде, бирок бул бардык нерселер Кудай экенин билдирбейт (Забур 138:7-13Жеремия  23:23). Кудай бардыгын билүүчү, б.а., Кудай өткөндү, азыркыны жана келечекти, ошондой эле биз ар бир учурда эмне жөнүндө ойлонуп жатканыбызды билет. Ал бардыгын билгендиктен Өз ишин дайыма акыйкаттуулук менен жасайт (Забур 138:1-5Накыл Сөздөр 5:21).

Кудай жалгыз. Бул жалгыз гана Ал биздин жүрөктөрүбүздүн эң терең муктаждыктарын жана эңсөөлөрүн канааттандыра аларын билдирет. Кудай гана биздин даңктообузга жана арналуубузга татыктуу (Мыйзамды кайталоо 6:4). Кудай адил. Бул Кудай кылмышты көрмөксөнгө жана байкамаксанга салып коё албайт дегенди билдирет. Кудай адил жана акыйкаттуу болгону үчүн, биздин күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн Ыйсага жүктөлгөндө, Ал Кудайдын жазасын биз үчүн тарткан (Чыгуу 9:27Матай 27:45-46Римдиктерге 3:21-26).

Кудай эгемен; бул Ал эң жогорку экенин, башка эч кимдин бийлигине баш ийбегенин билдирет. Ал жараткан бардык нерселер биригип каршы чыкса да, Анын максаттарына тоскоолдук кыла албайт (Забур 92:194:3Жеремия  23:20). Кудай – Рух; бул Ал көзгө көрүнбөйт дегенди билдирет (Жакан 1:184:24). Кудай үчбирдиктүү, б.а. үч башка инсандыгы бар бир Кудай болуп саналат. Анын үч инсандыгы бирдей кудайлык табиятка, күчкө жана даңкка ээ. Кудай – чындык, Ал бузулгус жана калп айта албайт  (Забур 115:21 Шемуел 15:29).

Кудай ыйык, Ал адеп-ахлак жагынан булгануудан алыс жана ага каршы турат. Кудай бардык жамандыкты көрүп турат, жамандык Анын ачуусун келтирет. Кудай жалындаган от сыяктуу (Ышайа 6:3Хабакук 1:13Чыгуу 3:24-5Эврейлерге 12:29). Кудай ырайымдуу, Анын ырайымы Анын сабырдуулугун, боорукерлигин, мээримин жана сүйүүсүн камтыйт. Кудайдын ырайымы болбосо, Анын ыйыктыгы бизди Анын жанына жолотмок эмес. Биздин бактыбызга жараша, Ал ырайымдуу (Чыгуу 34:6Забур 30:191 Петир 1:3Жакан 3:1617:3).

Кудай чексиз болгондуктан, бир да адам Кудайды толук тааный албайт, бирок Кудайдын Сөзү аркылуу биз Кудайдын ким экендигин, Ал кандай экенин бир кыйла түшүнө алабыз. Аны жан-дилибиз менен издөөнү уланта берели (Жеремия  29:13).