Машаякчылык деген эмне жана машаякчылар эмнеге ишенишет?

 

 

Машаякчылык ишенимдин маңызы Корунттуктарга жазылган 1-кат 15:1-4тө жазылган. Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөн, көргө коюлган, тирилтилген, ошол аркылуу Өзүн ишеним менен кабыл алгандарга куткарылууну сунуш кылат. Машаякчылыктын башка ишенимдерден өзгөчөлүгү – бул машаякчылыкта диний иш-аракеттерге караганда, мамиле жөнүндө көбүрөөк айтылгандыгы. “Кыл” же “кылба” деген катаал мыйзамдарды аткаргандын ордуна, машаякчылыктын максаты Кудай менен тыгыз байланышты өстүрүү болуп саналат. Мындай мамиле Ыйса Машаяктын ишинин жана Ыйык Рухтун кызматынын негизинде мүмкүн болуп калды.

Ишенимдин негизин түзгөн ушул нерселерден сырткары, машаякчылык эмне экендигин жана машаякчылар эмнеге ишенерин көрсөткөн башка көптөгөн белгилер бар. Машаякчылар Ыйык Китеп Кудайдын Рухунун жетегинде жазылган Кудайдын Сөзү экендигине жана анын окутуусу ишенимге тиешелүү бардык нерселер кандай болушу керектигин аныктаган эң жогорку бийликке ээ экендигине ишенишет (2 Тиметей 3:162 Петир 1:20-21). Машаякчылар Ата, Уул (б.а. Ыйса Машаяк) жана Ыйык Рух деген үч инсандыгы бар жалгыз Кудай бар экендигине ишенишет.

Машаякчылар адамзат атайын Кудай менен мамиледе болуу үчүн жаратылганына, бирок күнөө адамдарды Кудайдан бөлүп турганына ишенишет (Римдиктерге 3:235:12). Машаякчылык Ыйса Машаяк бул дүйнөдө 2000 жыл мурун толугу менен Кудай жана толугу менен адам болуп жашаган (Филипиликтер 2:6-11), анан айкаш жыгачта өлгөн деп окутат. Машаякчылар Машаяк өлгөндөн кийин, көргө коюлуп, кайра тирилип, азыр Атасынын оң тарабында отуруп, бардык ишенүүчүлөр үчүн түбөлүк арачылык кылып жатат деп ишенишет (Эврейлерге 7:25). Машаякчылык Ыйсанын айкаш жыгачтагы өлүмү бардык адамзат кетирген күнөөлөр үчүн кунду төлөөгө жетиштүү экендигин жана бул Кудай менен адамдын ортосундагы бузулган мамилени калыбына келтирерин жарыялайт (Эврейлерге 9:11-1410:10Римдиктерге 5:86:23).

Машаякчылыктын окутуусуна ылайык, адам куткарылып, өлгөндөн кийин бейишке кирүүгө мүмкүнчүлүк алыш үчүн Машаяктын айкаш жыгачта акырына чыгарган ишине толук ишениши керек. Эгер биз Машаяк биздин ордубузга өлүп, биздин күнөөлөрүбүз үчүн кун төлөп, кайра тирилгенине ишенсек, анда куткарылабыз. Куткарылуу үчүн эч ким эч нерсе кыла албайт. Биз өзүбүз Кудайга жагуу үчүн жетишээрлик деңгээлде жакшы боло албайбыз, анткени баарыбыз күнөөкөрбүз (Ышайа 53:664:6-7). Ишенгенден башка эч нерсе кыла албайбыз, анткени Машаяк биздин ордубузга бардыгын ишке ашырган! Ыйса айкаш жыгачта керилип турганда, куткаруу иши акырына чыгарылганын билдирип: “Аткарылды!” - деген (Жакан 19:30).

Машаякчылык окутууга ылайык, куткарылуу деген эски күнөөкөр табияттын бийлигинен бошонуп, жаңы рухий табиятка ээ болуп, Кудай менен туура мамилеге ээ болууну билдирет. Бир убакта биз күнөөнүн кулу элек, эми биз Машаяктын кулубуз (Римдиктерге 6:15-22). Ишенүүчүлөр бул дүйнөдө өздөрүнүн күнөөкөр денесинде жашап жатканда, күнөө менен тынымсыз күрөшүп келишет. Бирок машаякчылар күнөө менен күрөшкөндө, Кудайдын Сөзүн изилдөө, колдонуу жана Ыйык Рухтун жетеги аркылуу, башкача айтканда, күнүмдүк шарттарда Рухтун жетегине тил алуу аркылуу жеңип чыга алышат.

Ошентип, көптөгөн диндер адам бейишке барышы үчүн кайсы бир иш-аракеттерди кылышы керек, же кылбашы керек деген талаптарды койсо, машаякчылар Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн төлөнгөн кун катары айкаш жыгачта өлүп, кайра тирилгенине ишенет. Биздин күнөөбүздүн куну төлөндү, эми биз Кудай менен түз мамилелеше алабыз. Биз күнөөкөр табиятыбызды жеңип, Кудай менен мамилелешип, Ага баш ийип жашай алабыз. Ыйык Китепке (б.а. Библияга) негизделген машаякчылык мына ушул.