Жашоонун мааниси эмнеде?

 

 

Жашоонун мааниси эмнеде? Жашоонун максатына, толуктугуна жана чыныгы канааттанууга кантип жетсе болот? Кантип бир туруктуу, маңыздуу жашоого ээ болсок болот? Ушунчалык көп адамдар бул маанилүү суроолорду эзелтен бери токтобой талкуулап келишкен. Адамдар өз өмүрлөрүндө бир топ жылдан кийин артын карап, көздөгөн максаттарына жетсе да, эмне себептен мамилелер талкаланып, жүрөктөрүндө ушунчалык терең боштукту сезип жаткандыгына таң калышат. Кайсы бир спорттун түрүндө эң жогорку деңгээлге жеткен бир спортчуга «Спортко жаңы эле аралашканда кайсы сөздү айтып коюшса болмок экен деп ойлойсуз?» деген суроо беришкен экен. Ошондо ал: «Эң жогорку деңгээлге жеткенден кийин, андан ары эч нерсе жок деп айтып коюшса болмок экен», – деп жооп берген экен. Көптөгөн максаттардын маанисиздиги аларга бир топ жыл короткондон кийин гана көрүнөт.

Адамдар көп нерселерге умтулушат, анткени ошолордон жашоонун маанисин табабыз деп ойлошот. Андай нерселердин кээ бирлери – ишкердиктеги ийгилик, байлык, жакшы мамилелер, жыныстык катнаш, көңүл ачуу жана башкаларга жакшылык кылуу. Адамдар байлык, мамилелер жана ырахат сыяктуу максаттарына жеткенде, жүрөктөрүндө дагы эле терең боштук, эч нерсе менен толтурулгус бош орун кала бергенин айтып келишет.

Ыйык Китептеги Насаатчы деген китептин автору Сулайман ушул сезимди сүрөттөп, мындай дейт: «Түйшүктүн түйшүгү ... түйшүктүн түйшүгү – бардыгы түйшүк!» (Насаатчы 1:2). «Түйшүк» деген сөз курулай убаракерчилик дегенди билдирет. Сулайман падыша эсепсиз мүлккө, өзүнүн заманында жана биздин заманда да баарыныкынан көп болгон акылмандуулукка, жүздөгөн аялдарга, башка падышалыктар көз арткан хан сарайларга жана бактарга, эң жакшы тамак менен шарапка жана көңүл ачуунун мүмкүн болгон бардык түрлөрүнө ээ болгон. Кайсы бир учурда ал каалаган нерсесинин баарына жеткенин айтат. Ошентсе да ал жогоркудай жыйынтык чыгарат. «Күн астындагы жашоонун» маңызы көзүбүз менен көрүп, сезимдерибиз менен сезе алган нерселер эле болсо, анда анын эч кандай маңызы жок. Эмне үчүн адамдын жан дүйнөсүндө ушундай боштук болот? Кудай бизди бул дүйнөдөгү жашоодо сезе турган нерселерден жогору кылып жараткан. Сулайман: “ [Кудай]...алардын [б.а. адамдардын] жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды”, – деп айткан (Насаатчы 3:11). Биз жүрөгүбүздүн түпкүрүндө жашоо бул жерде жана учурда болуп турган нерселер менен эле бүтүп калбарын билебиз.

Ыйык Китептин эң биринчи Башталыш деген китебинен Кудай адам баласын Өзүнө окшош кылып жаратканын окуйбуз (Башталыш 1:26). Демек, биз башка нерселерге (б.а. башка жандыктарга караганда) караганда, Кудайга көбүрөөк окшошпуз. Ошондой эле, адамзат күнөөгө батып, күнөөнүн каргышы жерге тийе электе жашоо төмөнкүдөй болгон:

  1. Кудай адамды коомдук тирүү жан кылып жараткан (Башталыш 2:18-25);
  2. Кудай адамга иш тапшырган (Башталыш 2:15);
  3. Кудай адам менен баарлашкан (Башталыш 3:8); жана
  4. Кудай адамга жердин үстүнөн башкаруу бийлигин берген (Башталыш 1:26).

Булардын кандай мааниси бар? Кудай булардын ар бири биздин жашообузду толтуруп туруусун каалаган, бирок булардын бардыгы (өзгөчө адамдын Кудай менен болгон мамилеси) адамдын күнөөгө батканынын кесепетинде бузулуп, натыйжада жерге каргыш тийген (Башталыш 3).

Ыйык Китептин акыркы Аян деген китебинде Кудай азыркы жер менен асманды жок кылып, жаңы жер менен жаңы асманды жаратуу аркылуу түбөлүк падышачылыктын орногонун жарыя кыларын ачып берет. Ошол учурда ал кун (б.а. баа) төлөп куткарылган адамзат менен толук мамилесин калыбына келтирет, куткарылбагандар болсо сотко кабылып, оттуу көлгө ыргытылат (Аян 20:11-15). Күнөөнүн каргышы ушундайча чечилет; андан ары күнөө, кайгы, өлүм же оору болбойт (Аян 21:4). Кудай адамдар менен бирге болот, алар Анын балдары болушат (Аян 21:7). Ошентип, биз жогоруда айтылгандардан толук айлампаны көрсөк болот: Кудай бизди Өзү менен мамилелешүү үчүн жараткан, адам күнөө кетирип, ошол мамилелерди бузган, Кудай түбөлүк падышачылыкта ошол мамилелерди кайра калыбына келтирет. Жердеги жашоодо бардык нерсеге ээ болгонубуз менен, өлгөндөн кийин Кудайдан түбөлүккө ажырап, тозокко кетсек, эмне пайда! Бул чоң трагедия болмок. Бирок Кудай биз үчүн түбөлүк ырахатка жетүү мүмкүнчүлүгүн гана даярдабастан (Лука 23:43), жердеги жашоону да канааттандырарлык жана маңыздуу болгудай кылган. Түбөлүк ырахат менен “жердеги бейишке” кантип жетсе болот?

Жашоонун маңызы Ыйса Машаяк аркылуу калыбына келтирилген

Азыркы да, келечектеги да жашоонун чыныгы мааниси – бул Адам менен Обо күнөөгө батуу аркылуу жоготуп алган Кудай менен болгон мамилелердин калыбына келүүсү. Кудай менен болгон мындай мамилелерге Анын Уулу Ыйса Машаяк аркылуу гана ээ болууга мүмкүн (Элчилердин иштери 4:12Жакан 1:1214:6). Биз күнөөлөрүбүз үчүн тобо кылганда (б.а. мындан ары аларды кылууну каалабай калганда), Машаяк бизди жаңы адам кылып өзгөрткөндө жана биз Ыйса Машаякка Куткаруучубуз катары таянганда түбөлүк өмүргө ээ болобуз.

Ыйсаны Куткаруучу катары кабыл алуу канчалык сонун болбосун, жашоонун чыныгы мааниси бул эмес. Тактап айтканда, жашоонун чыныгы мааниси – Машаякты Анын шакирти катары ээрчип, Андан үйрөнүп, Аны менен жана Анын Сөзү окууда убакыт өткөрүп, сыйынууда Аны менен баарлашып, Анын буйруктарына баш ийүү. Эгерде сиз машаякчы болбосоңуз (балким жаңы ишенүүчү болсоңуз): «Бул мен үчүн анчалык деле кызыктуу эмес жана мага канааттануу бербейт деп ойлойм!» - дешиңиз мүмкүн. Бирок Ыйса төмөнкүдөй сөздөрдү жарыялаган: «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем. Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар. Анткени Менин моюнтуругум жакшы, жүгүм жеңил» (Матай 11:28-30). «Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим» (Жакан 10:10б). «Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: “Ким Мени ээрчигиси келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана өз айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин. Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат”» (Матай 16:24-25). Ошондой эле, Забур китебинде: «Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолорду ишке ашырат», - деп жазылган (Забур 37:4).

Бул аяттардын баары бизде тандоо мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтып турат. Биз өз жашообузду өзүбүз башкарып жашай берсек болот, бирок бул жүрөктөгү боштуктан арылтпайт; же болбосо бүт жүрөгүбүз менен Кудайга жана Анын эркине умтулууну тандасак болот, бул ашып-ташыган өмүргө, жүрөктөгү каалоолорубуздун аткарылышына, канааттанууга жана ыраазы болууга алып келет. Себеби Жаратуучубуз бизди сүйөт жана бизге эң жакшы нерселерди (сөзсүз эле оңой жашоо эмес, бирок толугу менен маңыздуу болгон жашоону) каалайт.

Машаякчылык жашоону спорт мелдеши болуп жатканда оюнду жакыныраак жерден көрүү үчүн кымбат орундуктарга отурганга аракет кылууга жана азыраак төлөп, оюнду алысыраактан көрүүгө салыштырса болот. Биз биринчи катардагы орундуктарды тандашыбыз керек, бирок, тилекке каршы, адамдар көбүнчө башканы тандашат. Ал эми өздөрүнүн каалоолоруна умтулуунун ордуна Кудайдын максаттарын биринчи орунга койгон, өздөрүн Машаякка толук арнаган шакирттер өз жашоолорунда Кудайдын ишин биринчилерден болуп көрө алышат. Алар толук бааны төлөшкөн (б.а. Машаякка жана Анын эркине баш ийишкен). Сиз толук бааны төлөдүңүзбү? Төлөөнү каалайт белеңиз? Эгер кааласаңыз, мындан кийин жашоонун маанисин же максатын издеп убара болбойсуз.