Кыргызча Инжил

Андроид платформасы үчүн

Ыйык Китеп

Андроид платформасы үчүн

 

Баарыбызга белгилүү болгон, машаякчылар да, машаякчы эместер да угуп эле жүргөн “Пасха” деген сөздү кыргыз тилине кантип которобуз? Бир караганда бул сөздү которуп коюу татаал эместей эле көрүнгөнү менен, бул сөздү кыргыз тилине которуу бир топ кайчы пикирлерди жаратышы мүмкүн. Муну биз Орто Азия жана башка дүйнө тилдерине которуудагы айырмачылыктардан көрө алабыз. Ошентсе да, бул сөздү кыргыздарга түшүнүктүү кылып которуу зарылдыгы турат. Анткени акыркы 25-30 жыл ичинде Куткаруучубуз Ыйса Машаяк тууралуу Жакшы Кабар кыргыз жергебизде да таралып, Ага ишенгендер аздан болсо да көбөйүп бара жатат. Бул сөз Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабардагы маанилүү түшүнүктөрдүн бири болгондуктан, аны колдон келишинче туура которушубуз керек. Ушул сөз кыргыз тилиндеги Библияда кандай которулса, так ошентип бардык машаякчылар айтышат, элге да ошондой тарайт… (Макаланы толук окуу үчүн, PDF форматты көчүрүп алыңыз).

 

 


 

“Улукман” - жыйын жетекчилери жана дин таануучулар үчүн мезгилдүү басылма.
Мазмуну:

  • Кодекс Кумманикус
  • Эврей тили сабагы – Алеф
  • Акай (Аггей) 2:7 Кудайдын жаңы ийбадатканасынын даңкы
  • Ыйык Китепти (Библияны) которуунун үч максаты

 


 

Ала-Тоо, таңшы Теңирге

2014-жылкы ыр жыйнак

 

Ала-Тоо, таңшы Теңирге 2014 ыр жыйнак

«Ала-Тоо таңшы Теңирге» жамаатынын даңктоо кызматчылары Эгебиз, Куткаруучубуз Ыйса Машаяктын урматына ушул ыр жыйнагын чоң кубаныч менен тартуулайт! Өмүрүн Кудайды даңазалоого арнаган даңктоо кызматчылары жана музыканттары ар кандай жыйындардын өкүлдөрү болгондугуна карабастан, өз-ара биригип, эң белгилүү ырлар менен жаңы обондорду бир жыйнакка чогултушту. Бул ыр жыйнагына ар түрдүү жанрдагы 140тан ашуун автордук жана башка тилден которулган ырлар кирди. Ырларды оңдоп-түзөө учурунда биз ишенимдеги биримдиктин жана жыйындар аралык кызматташтыктын чыныгы үлгүсүн көрө алдык.

Жыйнакты түзүү учурунда кээ бир ырлардын ар кайсы жыйындарда ар кандай которулгандыгына да күбө болдук. Бир эле чыгарманын түрдүү котормолорунун ортосундагы карама-каршылыкты жоюу жана анын сапатын жакшыртуу үчүн, музыканттардын, тилчилердин жана теологтордун коллегиясы ар бир ырды өзүнчө карап чыкты. Ушул оңдоп-түзөөнүн жүрүшүндө Кыргызстандагы Машяактын жыйыны бир бүтүн Дене экендигин өзгөчө сезип жаттык. Ошондо, «үч катталган жип да оңой менен үзүлбөйт» (Насаатчы 4:12) деген Сулайман падышанын сөзүн эстеп, ичибиз жылыды. Ошондуктан биздин күндөрдө акындар, обончулар, аткаруучулар, тилчилер жана теологтор жеке адамдын ыр жаратканынан көрө, көпчүлүк биригип чыгарма жаратуунун артыкчылыгы көп экендигин түшүнүп калышты.

Бул ыр жыйнак ырдоого ыңгайлаштырылып жасалды. Ар бир ыр өзүнчө бетке жазылып, батпай калган бөлүгү ошол беттин артына эмес, жанаша жайгашкан бетке жайгаштырылды (ошондуктан ырдын аягын окуу үчүн китептин кийинки бетин ачуунун зарылдыгы жок). Ар бир ырга гитара аккорддору коюлду. Алар сөздүн аккорд ойнолгон ар бир бөлүгүнө дыкаттык менен жайгаштырылды. Ырлардын көбүнүн аккорддору ошол ырдын аягына чейин толук көрсөтүлгөн. Кээ бир узунураак ырлардын аккорддору гана биринчи куплетинде жана кайырмасында жазылып, калган куплеттердеги аккорд өзгөрүлгөн жерлер сызыкчалар менен белгиленди. Ар бир ыр китепке тиркелген аудиофайл (МР3) да бар. Бул ырлардын обондорун жана ыргактарын үйрөнүүгө жардам берет. Аудиофайлдарынын кээ бири ырлар оңдоп-түзөлгөнгө чейин жазылгандыктан, сөздөрү айырмаланышы мүмкүн. Ырдын сөздөрүн жыйнакта жазылган боюнча ырдагыла деп кеңеш бергибиз келет.

Китептин аягында сунуш кылынган тиркемелердин биринде ырлардын тональность боюнча топторго бөлүнгөн тизмеси келтирилген. Тажрыйбасы аз музыканттарга жардам иретинде ар бир топтун үстү жагына гитаранын ошол тональносту үчүн стандарттык аккорддор берилди. Сүрөттөрдө гитарада ойноо үчүн кылдардын ар бириндеги бармактардын абалдары көрсөтүлгөн. Стандарттуу эмес аккорддор болсо ошол ырдын жанында эле көрсөтүлдү. Аккорддорду ойноо орто денгээлдеги тажрыйбаны талап кылат (алар өтө эле жөнөкөй да, абдан татаал да эмес). Кээде аккорд ылайык келген базалык нота (мисалы, “A/С#”) менен берилген. Демек, “A” аккорду кошумча С# менен чогуу ойнолот. Жаңы үйрөнчүк гитарачылар аккорддордун жөнөкөй түрлөрүн колдонсо болот. Мисалы, “Dsus” ордуна “D” эле, же болбосо, базалык ноталарды калтырып ойносо болот. Ал эми татаалыраак ыкма ненен ойногусу келгендер МР3төгүдөй ойносо болот, андагы ырлардын көбү атайын үн жазуу студияларында жазылган.

Тиркемелерде ырлардын авторлору жана обончулары да көрсөтүлдү, бирок бул ыр жыйнактын кийинки чыгарылыштарында аларды дагы да толугураак көрсөтүүгө аракет кылабыз деген ниетибиз бар. Китепте автору менен обончусу көрсөтүлбөгөн ырдын сөзүн же обонун ким жазганын билсеңиз, комиссия мүчөлөрүнүн бирөөнө айтып койсоңуз, чоң жардам берген болосуз. Ошондо кайсы ырлар качан, ким которгонун билип, ошол ырлардын авторлору жана котормочулары менен байланышууга мүмкүндүк түзүлөт.
Тиркемелердин биринде ырлардын тема боюнча бөлүнгөн тизмеси да бар, аларды ушул китептин келечектеги чыгарылыштарында дагы да жакшыртабыз деген ойдобуз. Ыр жыйнактын беттеринин бош жерлерине болсо Ыйык Жазуудагы ошол ырга кандайдыр бир денгээлде байланышы бар аяттарды жазып койдук. Биздин ураан – «Теңирге жаңы ырларды ырдагыла». Ошондуктан сиздерди жаңы ырларды жазууну улантууга, аларды текшертип, оңдоп-түзөп, башка жыйындар да ырдашы үчүн, аларды ыр жыйнактын кийинки чыгарылыштары үчүн берүүнү шыктандыргыбыз келет.

Биз «Ала-Тоо таңшы Теңирге» жамаатына кызмат кылган даңктоочу топтордун кызматчыларына, даңктоо фестивалын жыл сайын даярдагандарга, жаңы обондуу ырларды жараткандарга, аткаруучуларга, ошол ырларды которууда, оңдоп-түзөөдө өздөрүнүн убактыларын арнаган инсандарга жана ушул ыр китептин басылып чыгышын каржылоо менен көмөк көрсөткөн бурадарларыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул китеп – жүздөгөн саат күжүрмөн эмгектин жемиши. Кудайга жана Аны даңктоого өзүн арнаган көптөгөн ыктыярдуу адамдардын ага кошкон салымы да зор. Ал аркылуу Жараткандын ысмы даңкталып, кыргыз элибизге Кудайдын батасы ыроолоп, ырларыбыз адамдарды Эгебизге табынууга алып келсин. Оомийин!

 


 

Балдар Ырлар – Диск 1

 

Балдар Ырлар – Диск 1

Аранжировкалаган: Каныбеков Жакшылык
Аткаруучулар: Алмаз кыз Айсалкын, Маразыкова Наргиза
© Эль Шаддай (Т.0312-322051)
1. Периштерлер жана балдар
2. Аппак кар жаайт
3. Айлана тынй аалам
4. Ушул күндү
5. Башында эле
6. Ыйсага даңк болсун
7. Ал – Теңир
8. Баарынан бийик
9. Мактайбыз Ыйсаны!
10. Чын-чын жүрөгүмдөн
11. Теңир таза жүрөктөрд чогултуп
12. Капысынан эмесмин

 


 

Балдар ырлар – диск 2

 

Балдар Ырлар – Диск 2

Аранжировкалаган: Каныбеков Жакшылык
Аткаруучулар: Алмаз кыз Айсалкын, Маразыкова Наргиза
© Эл-Шаддай (T. 0312-642308)
1. Кел досторум
2. Теңирдин алдында
3. Келгиле, даңктайбыз
4. Осанна, Осанна
5. Сенин алдыңда турам
6. Сенде – бүт өмүрүм
7. Теңирибиз Сени биз мактайбыз
8. Даңктагын Ыйсаны
9. Ыйса жеңип чыкты, кайра тирилди
10. Кудай мени жараткан
11. Сен батанын булагы
12. Кандай сонун

 


 

«Ала-Тоо, таңшы Теңирге!» кыргыз даңктоо фестивалы – 2013 DVD

 

«Ала-Тоо, таңшы Теңирге!» кыргыз даңктоо фестивалы – 2013 DVD

23-ноябрь, 2013-ж. Бишкек корей жыйыны, саат 17:00-19:00
ПРОГРАММА

  1. «Сүйүү »
  2. «Теңирим – сүйүү булагы»
  3. «Туңгуюкта караңгылык каптап жүрөктү»
  4. «Түбөлүккө табынамын Кудайга» (Поэзиа)
  5. «Теңир жолунда турамын»
  6. «Жаратканды даңктаймын»
  7. «Сөзүң мага кымбат баарынан»
  8. Кыргыз бийи
  9. «Билесиңби Куткаруучу ким экенин?»
  10. «Сени менен» (Поэзия)
  11. «Ыйык Сөзүңдү угайын»
  12. «Жаратканым, жар болчу»
  13. «Ыйыктардын Ыйыгы»
  14. «Жараткан жалгыз Кудай Өзүң гана»
  15. «Толук сүйүү Ыйсада»
  16. «Жыргал» (“Аалам жердин башчысын сүйүү жыргал”)
  17. «Даңктайлы Теңирди!»