Үй жаныбарлары же деги эле жаныбарлар бейишке барышабы?  Жаныбарлардын жандары барбы?

 

 

Ыйык Китеп үй жаныбарларынын же деги эле жаныбарлардын “жандары” бар экендиги же алар бейиште болору жөнүндө так айтпайт. Бирок бул суроо боюнча кандайдыр бир так түшүнүк болушу үчүн, биз Ыйык Китептин жалпы принциптерин карасак болот. Ыйык Китеп адамдар да (Башталыш 2:7), жаныбарлар да (Башталыш 1:306:177:1522) “өмүр демине” ээ экендигин, башкача айтканда, адамдар да жаныбарлар да тирүү жандыктар экенин ырастайт. Адамзат менен жаныбарлардын ортосундагы айкын айырмачылык – бул адамзат Кудайдын бейнеси боюнча, б.а. Ага окшош болуп жаратылып (Башталыш 1:26-27), ал эми жаныбарлар андай жаратылбаганында. Кудайдын бейнеси боюнча жана Ага окшош болуп жаралуу адам Кудай сыяктуу рухий касиеттери, акылы, сезимдери, эрки бар экенин жана анын түзүлүшүнүн кайсыл бир бөлүгү өлгөндөн кийин да жашай берерин билдирет. Демек, эгерде үй жаныбарларынын же деги эле жаныбарлардын “жаны” же материалдык эмес бир бөлүгү бар болсо, ал адамдыкынан башкача жана төмөнүрөөк “сапатта” болушу керек. Бул айырмачылык үй жаныбарларынын/жаныбарлардын “жандары” өлгөндөн кийин жашабарын билдириши мүмкүн.

Дагы бир көңүл бура турган фактор – бул жаныбарлар Башталыш китебинде сүрөттөлгөн Кудайдын жаратылышынын бир бөлүгү экендиги. Кудай жаныбарларды жаратып, алар жакшы экендигин айткан (Башталыш 1:25). Демек, алар үчүн жаңы дүйнөдө болбогонго себеп жок (Аян 21:1). Миң жылдык падышачылыкта жаныбарлар болору анык (Ышайа 11:665:25). Бирок алар азыр биз менен болгон жаныбарлар деп так айтуу мүмкүн эмес. Биз Кудай адилеттүү экендигин билебиз, андыктан бейишке барганда бул маселе боюнча Анын чечими кандай болбосун ага толук макул болобуз.