Ыйык Китеп денеге сүрөт тартуу жөнүндө эмне дейт?

 

 

Эски Келишимдин мыйзамында Кудай ысрайылдыктарга: “...Өз денеңерге так салбагыла, денеңерге ийне менен чегип жазбагыла. Мен Теңирмин”, - деген (Лебилер 19:28). Ошондуктан бүгүнкү күндөгү ишенүүчүлөр Эски Келишимдин мыйзамы менен жашабаса да (Римдиктерге 10:4Галатиялыктарга 3:23–25Эфестиктерге 2:15), денеге чегилген сүрөттөргө каршы буйрук болгону машаякчыларды ойлонтушу керек. Жаңы Келишимде ишенүүчү денесине сүрөт тарттырса болору же болбору жөнүндө эч нерсе айтылбайт.

Бизге Петирдин 1-каты 3:3–4тө мындай буйрук берилген: “Жасалгаңар сырткы кооздуктар болуп эсептелген өрүлгөн чач, алтын жасалга, жакшы кийим эмес, Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, туруктуу, момун жана жоош рух болсун”. Бул үзүндү машаякчы аялдарга даректелгенине макулбуз, бирок бул жердеги принципти денеге сүрөт тартууга карата колдонсок болот. Бул аяттарга ылайык, адамдын сырткы келбети бизди ойлонткон негизги нерсе болбошу керек. “Өрүлгөн чач”, “жакшы кийим” жана “алтын жасалгага” көп күч жумшалат, бирок аялдын чыныгы сулуулугу анда эмес. Ошол сыяктуу эле денеге чегилген сүрөттөр да “сырткы кооздукка” кирет, ошол себептен биз аял болобузбу, эркек болобузбу, “ички адамыбызга” көбүрөөк көңүл бурууга аракет кылышыбыз керек.

Биз денеге ийне менен чегип сүрөт тартууну туура же туура эместигин билүү үчүн, өзүбүзгө чынчылдык жана таза абийирибиз менен “Кудай бизге батасын берип, ушул ишибизди Өзүнүн жакшы максаттары үчүн колдоно алабы?” деген суроону берсек болот. “Ошентип ичсеңер да, жесеңер да эмне кылсаңар да баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла” (1 Корунттуктарга 10:31). Жаңы Келишим денеге сүрөт тартууга каршы буйрук бербейт, бирок ошол эле учурда Кудай биздин денебизге сүрөт тартуубузду каалайт деген ишенимге да түрткү бербейт.

Эгерде биздин кайсыл бир иш-аракетибиз Кудайга жагабы деген шектенүүлөр пайда болсо, анда мындай учурларга Ыйык Китепте так айтылбаган иштерге карата колдонгон негизги принципти колдонушубуз керек. Бул принцип төмөнкүдөй: кылып жаткан ишибиздин тууралыгы жөнүндө шектенсек, анда ал иш менен алек болбой эле койгон жакшы. Римдиктерге жазылган кат 14:23 ишеним менен кылынбаган ар бир нерсе күнөө экендигин айтат. Биздин денелерибиз жандарыбыз сыяктуу эле кун төлөп куткарылып, Кудайга тиешелүү экенин унутпашыбыз керек. Корунттуктарга жазылган 1-кат 6:19-20 түздөн-түз денеге ийне менен чегип сүрөт тартуу жөнүндө айтпаса да, бизге бир принципти берет. Бул аятта: “Же эмне, денеңер силердин ичиңерде жашаган Ыйык Рухтун ийбадатканасы экендигин, Ал Рухту Кудайдан алганыңарды жана өзүңөрдүн өзүңөргө таандык эмес экениңерди билбейсиңерби? Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, ошондуктан Кудайды денеңер менен да, рухуңар менен да даңктагыла, анткени анын баары Теңирдики”, - деп жазылган. Бул улуу чындык биз денебиз менен кандай иш кылып, кайда барганыбызга чоң таасир тийгизиши керек. Эгер денебиз Кудайга тиешелүү болсо, Кудай бизге денебизге сүрөт тартканга же “белги койгонго” ачык уруксат берерине толук ынанмайынча, андай кылбашыбыз керек.