Ыйык Китеп никеге туруудан же турмушка чыгуудан мурун жыныстык катнашта болуу жөнүндө эмне дейт?

 

 

Ыйык Китепте никеге туруудан мурунку жыныстык катнашка тиешелүү эврей же грек тилиндеги сөз жок. Ыйык Китеп ойноштук менен жыныстык бузукулукту айыптаганы анык, бирок никеге туруудан мурун жыныстык катнашта болуу жыныстык бузукулукка жатабы? Корунттуктарга жазылган 1-кат 7:2ге таянып, “ооба” деп ишенимдүү түрдө жооп берсек болот. Бул аятта мындай деп жазылган: “Бирок ойноштук кылбаш үчүн, ар бир эркектин аялы, ар бир аялдын күйөөсү болсун”. Бул жерде Пабыл нике куруу жыныстык бузукулуктун “дарысы” экендигин ырастайт. Корунттуктарга жазылган 1-кат 7:2 адамдар өздөрүн кармай албагандыктан жана никеге турбай, жыныстык бузукулукка баргандыктан, никеге туруусу керектигин айтат. Ошондо алар өздөрүнүн каалоолорун адеп-ахлактуу жол менен кандыра алышат.

Корунттуктарга жазылган 1-кат 7:2 никеге чейин жыныстык катнашта болууну жыныстык бузукулуктун аныктамасына даана эле кошкондуктан, Ыйык Китеп никеге чейин жыныстык катнашта болууну да күнөө катары айыптайт деген тыянак чыгарсак болот. Демек, никеге чейин жыныстык катнашта болуу Ыйык Китептин аныктамасы боюнча жыныстык бузукулукка кирет. Ыйык Жазууда никеге чейинки жыныстык катнашты күнөө деп жарыялаган башка аяттар да бар (Элчилердин иштери 15:201 Корунттуктарга 5:16:131810:82 Корунттуктарга 12:21Галатиялыктарга 5:19Эфестиктерге 5:3Колосалыктарга 3:51 Тесалоникалыктарга 4:3Жүйүт 7). Ыйык Китеп нике курууга чейин толук карманууну колдойт. Кудай да күйөөсү менен аялынын ортосунда болгон жыныстык катнашты гана туура деп эсептейт (Эврейлерге 13:4).

Биз көбүнчөсү жыныстык катнаштын “дененин каалоосун аткаруучу” жагын карап, анын “тукум улоочу” жагы бар экенин эске албай коёбуз. Никедеги жыныстык катнаш жагымдуу, Кудай аны ошондой кылып жараткан. Кудай эркектердин да, аялдардын да никенин алкагында жыныстык катнаштан ырахат алуусун каалайт. Сулаймандын Ырдын ыры китебинде жана Ыйык Китептин (Накыл Сөздөр сыяктуу 5:19) башка жерлеринде жыныстык катнаштын жагымдуулугу даана сүрөттөлөт. Бирок жубайлар Кудайдын ниетинде жыныстык катнаш тукум улоону да камтырын түшүнүшү керек. Демек, аял менен эркектин никеден мурун жыныстык катнашта болуусу эки эсе туура эмес: биринчиден, алар өздөрүнө тиешелүү эмес жыргалга баткан болот; экинчиден, үй-бүлө курбай туруп бала пайда кылышкан болот, ал эми Кудай ар бир баланын үй-бүлөнүн ичинде төрөлүшүн каалайт.

Эмне ыңгайлуу же ыңгайлуу эмес экенине карап иш кылсак, дайыма эле туура иш кыла бербейбиз, ал эми никеге турууга чейинки жыныстык катнаш жөнүндөгү Ыйык Китептин окутуусуна баш ийсек, мындай катнаштын айынан болгон оорулар, бойдон алдыруу, жалгыз бой энелер, каалабаган бойго бүтүүлөр жана жашоосунда атасы да, энеси да жок өскөн балдар бир топ азыраак болмок. Кеп нике куруудан мурун жыныстык катнашта болуу жөнүндө болгондо, Кудайдын жалгыз эрежеси такыбаалык жана өзүн тыюу болуп саналат. Өзүн тыюу бойдон алдыруу аркылуу түйүлдүктү өлтүрүүдөн сактайт, балдарды коргойт, жыныстык катнашка туура мамиле жасаганга жардам берет жана, эң маанилүүсү, Кудайды даңктайт.