Эмне үчүн мен өз жанымды кыйбашым керек?

 

 

Биздин жүрөктөрүбүз өз жанын кыюуну ойлогон адамдарга кайрылат. Эгер сенде ушундай ой болуп жатса, бул үмүтсүздүк жана көңүл калуу сыяктуу сезимдердин кучагында жүргөнүңдү билдирет. Сен өзүңдү терең аңга түшүп калгандай, мындан ары иштер оңолуп кетет деген үмүт жок сыяктуу сезишиң мүмкүн. Сенин эмне болуп жатканыңды эч ким түшүнбөй жаткандай сезилет. Жашап деле кереги жок го ... же жашаш керекпи?

Эгер сен бир азга ойлонуп, Кудайга сенин жашооңдо чынында Кудай болууга азыр жол берсең, Ал сага канчалык улуу экенин далилдеп берет: “Себеби Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок” (Лука 1:37). Балким, өткөн жашоодогу жарааттар четке кагылуу менен ташталып калуунун өтө күчтүү сезимдерин жараткандыр. Бул өзүн-өзү аёого, ачууланууга, таарынычка, өч алуу ойлоруна же сенин эң маанилүү мамилелериңде көйгөйлөрдү пайда кылган негизсиз коркунучтарга алып келген.

Эмне үчүн сен жаныңды кыйбашың керек? Досум, жашооң канчалык оор болбосун, сүйүүнүн Кудайы сени көңүл калуунун туңгуюгунан Өзүнүн укмуштуу жарыгына жетелеп чыгаруу үчүн күтүп турат. Ал сенин бекем үмүтүң. Анын аты – Ыйса.

Ушул Ыйса, күнөөсүз Кудайдын Уулу, четке кагылып, басынган сендей абалда болгон. Ышайа пайгамбар Ал жөнүндө Ышайа 53:2-6да: “биз Андан жүзүбүздү ала качтык, Ал жек көрүндү болду”, – деп жазат. Анын өмүрү кайгы менен азапка толгон болчу. Бирок Анын башына түшкөн кайгылар Анын Өзүнүкү эмес, биздики эле. Анын колу-буттары тешилди, Ал жараланды, сөөктөрү талкаланды, мунун бардыгы күнөөнүн айынан болду. Ал азап тартканы үчүн биз кун төлөп куткарылып, жашообуз толук кандуу боло алат.

Досум, Ыйса Машаяк сенин күнөөлөрүңдүн баары кечирилиши үчүн ушунун баарын көтөрдү. Сен кандай жүктү же айыпты көтөрүп жүрбө, эгер Аны момундук менен Куткаруучуң катары кабыл алсаң, Ал сени кечирерин бил. “Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың” (Забур 49:15). Сен кандай гана жаман нерсе кылба, Ыйса кечирбегидей өтө жаман нерсе жок. Анын эң жакшы кызматчыларынын кээ бирлери киши өлтүрүү сыяктуу абдан чоң күнөөлөрдү кылышкан (Муса), киши өлтүрүү жана ойноштук кылуу (Дөөт падыша), денелик жана эмоционалдык жазалоо (элчи Пабыл). Ошентсе да алар Теңир аркылуу кечиримге жана жаңы, ашып-ташыган өмүргө ээ болушкан. “Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал – жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду!” (2 Корунттуктарга 5:17).

Эмне үчүн сен өз жаныңды кыйбашың керек? Досум, Кудай “талкаланганды”, тактап айтканда, сенин азыркы жашооңду, жаныңды кыйып бүтүргүң келген жашооңду оңдош үчүн турат. Ышайа 61:1-3тө, пайгамбар мындай деп жазган: “Теңирдин руху Менде, анткени Теңир Мени жакырларга жакшы кабар таратууга майлады. Мени жүрөгү кайгыргандарды айыктырууга, туткундарга эркиндик жарыя кылууга, камактагыларга зындандын ачылышын жарыя кылууга, Теңирдин ырайым кыла турган жылын жарыя кылууга, Кудайыбыздын өч алчу күнүн жарыя кылууга, кыйналгандардын бардыгын сооротууга, Сиондогу кайгыргандарга күл ордуна жасалга, ый ордуна кубаныч майын, кайгылуу рух ордуна даңктын кийими берилерин жарыя кылууга жиберди. Аларды адилеттүүлүгү менен улуу жана Теңир Өзү даңкталыш үчүн отургузган көчөт деп аташат”.

Ыйсага келип, Ал жашооңду жаңыдан баштарына ишенип, сени калыбыңа келтирип, кубантып жана пайдалуу болушуңа шарт түзүшүнө жол бер. Ал сен жоготуп алган кубанычты калыбына келтирүүнү жана күч берүүчү жаңы рухту тартуулоону убада кылат. Сенин моюн сунган жүрөгүң Ал үчүн абдан кымбат: “Чын жүрөктөн өкүнүү – Кудай алдында курмандык. Сен өкүнүп, моюн сунган жүрөктү жек көрбөйсүң” (Забур 50:12, 16-19).

Сен Теңирди Куткаруучуң жана Кайтаруучуң катары кабыл аласыңбы? Ал сенин ойлоруңду жана кадамдарыңды күн сайын Өзүнүн Сөзү – Ыйык Китеп аркылуу жетектеп турат. “Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө” (Забур 31:8). “Ошондо сенин коопсуз күндөрүң келет, куткарылуу, акылмандык жана билим мол болот. Кудайдан коркуу сенин байлыгың болот” (Ышайа 33:6). Машаяк дагы деле күрөшөт, бирок сенде үмүт болот. Ал сага “бир тууганыңдан да жакын дос болот” (Накыл сөздөр 18:24). Сен чечим чыгарып жатканда Теңир Ыйсанын ырайымы сени менен болсун.

Эгерде сен Ыйса Машаякка өзүңдүн Куткаруучуң катары ишенгиң келсе, бул сөздөрдү жүрөгүңдөн Кудайга айт: “Кудай, Сен менин жашоомо керексиң. Менин бардык күнөөмдү кечир. Ыйса Машаякка таянып, Ал менин Куткаруучум экенине ишенем. Суранам, мени тазалачы, айыктырчы, жашоого кубанууга жардам берчи. Мага болгон сүйүүң үчүн жана Ыйса менин ордума өлгөнү үчүн рахмат”.