Ыйык Китеп өз жанын кыюу жөнүндө эмне дейт?

 

 

Ыйык Китепте өз жанын кыйган алты өзгөчө адам жөнүндө жазылган: алар – Абы-Мелек (Башкаруучулар 9:54), Шабул (1 Шемуел 31:4), Шабулдун курал көтөргөн жигити (1 Шемуел 31:4-6), Акитопел (2 Шемуел 17:23), Зимри (1 Падышалар 16:18) жана Жүйүт (Матай 27:5). Алардын бешөөсү жаман, күнөөкөр адамдар болгон (Шабулдун курал көтөргөн жигити жөнүндө жетиштүү маалымат жок). Кээ бирөөлөр Шимшон да өз жанын кыйган дешет (Башкаруучулар 16:26-31), бирок Шимшондун максаты өзүн өзү өлтүрүү эмес, пелиштиликтерди өлтүрүү болгон. Ыйык Китеп өз жанын кыюуну киши өлтүрүүгө теңейт, бул – өзүн өзү өлтүрүү. Адам кантип, качан өлүшү керектигин Кудай гана чечиши керек.

Ыйык Китепке ылайык, өз жанын кыюу адамдын бейишке кирер-кирбесин аныктабайт. Өз жанын кыйган адам жанын кыйганы үчүн эмес, Машаяк аркылуу куткарылууну четке каккандыгы үчүн тозокко түшөт. Ыйык Китеп өз жанын кыйган машаякчылар жөнүндө эмне дейт? Ыйык Жазуу биз чындап Машаякка ишенип калгандан баштап бизге түбөлүк өмүр кепил кылынарын айтат (Жакан 3:16). Ыйык Жазууга ылайык, машаякчылар түбөлүк өмүр китебине жазылганынан шектенбей эле койсо болот (1 Жакан 5:13). Машаякчыларды Кудайдын сүйүүсүнөн эч ким ажырата албайт (Римдиктерге 8:38-39). Эгерде “жаратылган нерселердин” бири да машаякчыны Кудайдын сүйүүсүнөн ажырата албаса, жанын кыйган машаякчы да “жаратылган нерсе” болгондуктан, өз жанын кыюу аркылуу өзүн Кудайдын сүйүүсүнөн ажырата албайт. Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүз үчүн өлгөн, эгерде чыныгы машаякчы рухий чабуулга кабылып жана алсыздыкка алдырып өз жанын кыйса, баары бир Машаяктын каны менен жуулган адам бойдон кала берет.

Бирок өз жанын кыюу Кудайдын алдында олуттуу күнөө бойдон кала берет. Себеби Ыйык Китепке ылайык, өз жанын кыюу адам өлтүрүү болуп эсептелет. Эгерде машаякчымын деп жарыялаган адам өз жанын кыйса, ал чын жүрөктөн ишенгенби деген олуттуу шектенүүлөр пайда болушу керек. Өз жанын кыйгандыгы үчүн адамды, өзгөчө, машаякчыны актай турган эч бир шарт жок. Машаякчылар өмүрүн Кудайга арнап жашоо үчүн чакырылган, алар качан өлүшү керектиги жөнүндөгү чечимди жалгыз гана Кудай чыгарат. Корунттуктарга жазылган 1-кат 3:15те өз жанын кыйуу жөнүндө айтылбаса да, бул аят өз жанын кыйган машаякчыга эмне болоруна тиешелүү жакшы сүрөттөмө болчудай: “Өзү куткарылат, бирок оттон чыккандай куткарылат”.