Ыйык Китеп боюнча мастурбация күнөөбү?

 

 

Мастурбация деген – бул адамдын жыныстык жактан өзүн өзү канааттандырышы. Ыйык Китептин эч бир жеринде мастурбация же мастурбация күнөө экендиги жөнүндө так айтылбайт. Мастурбация боюнча Ыйык Жазуудан эң көп келтирилген үзүндү Башталыш китеби 38:9-10догу Онан деген адам жөнүндө окуя. Кээ бирөөлөр бул аятка таянып, “уругун жерге агызуу” күнөө дегенди билдирет деп айтышат. Бирок чынында аят ал жөнүндө айтып жаткан жок. Кудай Онанды “уругун жерге агызгандыгы үчүн” эмес, өз милдетин аткарып, өзүнүн агасынын тукумун улабай койгону үчүн айыптаган. Бул аят мастурбацияга эмес, үй-бүлөлүк милдетти аткаруу жөнүндө. Мастурбация күнөө экендигинин далили катары келтирилип жүргөн экинчи үзүндү – Матай 5:27-30. Ал жерде Ыйса кумарданууга каршы сүйлөп жатып: “Эгерде оң колуң сени күнөөгө түртсө, аны кесе чаап, ыргытып жибер”, - деп айтат. Бул үзүндүдө кумарлануу жөнүндө айтылып кеткени менен, Ыйса мастурбация жөнүндө айткысы келген дегенге болбойт.

Ыйык Китептин эч бир үзүндүсүндө мастурбация күнөө деп даана айтылбаганы менен мастурбацияга алып барган иш-аракеттер күнөөбү же жокпу деген суроо туулат. Мастурбация дээрлик дайыма эле кумардануунун, жыныстык дүүлүгүүнүн жана уяттуу видеолорду же сүрөттөрдү көрүүнүн натыйжасы болуп саналат. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү керек. Адам уяттуу ойлордон жана сүрөттөрдү көрүүдөн арылып, аларды жеңип чыкса, мастурбация маселеси өзүнөн-өзү чечилет. Көптөгөн адамдар мастурбация тууралуу күнөөлүү сезимдер менен күрөшүп келишет, бирок чынында ошол ишке алып барган нерселер үчүн көбүрөөк тобо кылуу керек.

Ыйык Китепте мастурбацияга карата колдонула турган кээ бир принциптер бар экени анык. Эфестиктерге жазылган кат 5:3 мындай деп жарыялайт: “Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт”. Ушундай тизменин ичине мастурбация кирбейт деп айтуу кыйын. Ыйык Китеп бизди мындай деп окутат: “Ошентип ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, бардыгын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла” (1 Корунттуктарга 10:31). Эгер сиз кайсы бир нерсенин айынан Кудайды даңктай албай жатсаңыз, ошол нерсени кылбай эле койгонуңуз жакшы. Эгерде адам кылып жаткан иш-аракети Кудайга жагарына толук ынанбаса, демек, ал күнөө: “Ал эми ишеним менен кылынбаган ар бир нерсе – күнөө” (Римдиктерге 14:23). Мындан сырткары, биз денелерибиз кун төлөп куткарылып, эми Кудайга тиешелүү экенин унутпашыбыз керек. “Же эмне, денеңер силердин ичиңерде жашаган Ыйык Рухтун ийбадатканасы экендигин, Ал Рухту Кудайдан алганыңарды жана өзүңөрдүн өзүңөргө таандык эмес экениңерди билбейсиңерби” (1 Корунттуктарга 6:19-20).

Жогорудагы аяттардагы улуу чындыктар биз денелерибиз менен кандай иштерди кылганыбызга чоң таасир тийгизиши керек. Ушул принциптердин негизинде мастурбация Ыйык Китеп боюнча күнөө деген жыйынтыкка келебиз. Мастурбация Кудайды даңктабаганы айдан ачык, ал бузукулукка жакын деп айтууга болот. Ошондой эле, ал биздин денелерибиздин ээси болгон Кудайды даңктабайт.