Ыйык Китеп бачабаздык жөнүндө эмне дейт?

 

 

Бачабаздык деген – бул эркектин эркек менен жыныстык катнашка баруусу. Ыйык Китеп бачабаздык күнөө экендигин үзгүлтүксүз айтып турат (Башталыш 19:1-13Лебилер 18:22Римдиктерге 1:26-271 Корунттуктарга 6:9). Өзгөчө Римдиктерге жазылган кат 1:26-27де бачабаздык Кудайдан баш тартуунун жана Ага баш ийбөөнүн натыйжасы экенин айтат. Адамдар күнөө кылганды улантып, баш ийбестик жана ишенбестик кылышканда, Кудай аларга кудайсыз жашоонун маңызсыздыгын жана үмүтсүздүгүн көрсөтүү үчүн, андан да жаман жана ыпылас күнөөлөрдү кылууга “жол берет”. Корунттуктарга жазылган 1-кат 6:9 бачабаздар Кудайдын падышачылыгын мурастабайт деп айтылат.

Кудай бачабаздык каалоолору бар инсанды жаратпайт. Ыйык Китеп бизге адамдар күнөөнүн айынан жана өздөрүнүн чечиминин негизинде бачабаз болуп каларын айтат (Римдиктерге 1:24-27). Кээ бир адамдар зөөкүрлүккө жана башка күнөөлөрдү кылганга жакын болуп төрөлгөн сыяктуу эле, кимдир бирөөлөр бачабаздыкка көбүрөөк ыктуу болуп төрөлүшү мүмкүн. Бирок бул адамдын күнөөкөр каалоолорго берилип, күнөө кылууну тандаганын эч актабайт. Эгерде кимдир бирөөнүн ачуусу чукул болсо, бул ага ушундай каалоолорго берилүүгө укук береби? Албетте андай эмес! Бачабаздык да ошондой.

Бирок Ыйык Китеп бачабаздыкты башка күнөөлөрдөн “чоңураак” күнөөдөй сүрөттөбөйт. Бардык күнөөлөр Кудайды капа кылат. Бачабаздык Корунттуктарга жазылган 1-кат 6:9-10до аталган адамды Кудайдын Падышачылыгына киргизбей турган нерселердин бири гана. Ыйык Китепке ылайык, Кудай ойноштук кылуучуларды, бутка табынуучуларды, киши өлтүрүүчүлөрдү, ууруларды ж.б. кандай кечирсе, бачабаздарды да так эле ошондой кечирет. Ыйса Машаякка ишенгендердин баарына, анын ичинде, бачабаздарга да, Кудай күнөөнү жеңүү үчүн күч берерин убада кылат, себеби баарыбыздын куткарылышыбызды каалайт (1 Корунттуктарга 6:112 Корунттуктарга 5:17Филипиликтерге 4:13).