Ыйык Китеп ажырашуу жана кайрадан үй-бүлө куруу жөнүндө эмне дейт?

 

 

Ажырашууга карата ар кимдин өзүнүн көз карашы бар болсо да, эң негизгиси, Малахия китебиндеги 2:16-17ни эстөө маанилүү: “Ошондуктан рухуңарды сактагыла, эч кимиңер жаш чагыңарда алган аялыңарга ишенимсиздик кылбагыла. Ким аны жек көрүп, кетирип жиберсе, – дейт Ысрайылдын Кудай-Теңири, – ал өзүнүн кийимин булгайт, – дейт Себайот Теңир”. Ыйык Китепке ылайык, нике – өмүр бою улана турган милдет. “Эми алар эки эмес, бир дене. Ошондуктан Кудай кошконду адам ажыратпасын” (Матай 19:6). Бирок никеде эки күнөөкөр адам баш кошкондуктан, ажырашуу ыкмымал экенин Кудай түшүнгөн. Эски Келишимде, өзгөчө, аялдардын ажырашуу укуктарын коргоо үчүн, Ал анча-мынча мыйзамдарды берген (Мыйзамды кайталоо 24:1-4). Ыйса бул мыйзамдар Кудайдын каалоосунан эмес, адамдардын таш боорлугунан улам берилгенин айткан (Матай 19:8).

Ыйык Китепке ылайык ажырашууга жана кайрадан үй-бүлө курууга болобу же болбойбу деген талкуулоо негизинен Ыйсанын Матай жакшы кабары 5:32 жана 19:9дагы сөздөрүнүн тегерегинде болот. Ыйсанын “ойноштук кылуу себеби” деген сөздөрү Кудай ажырашууга жана кайрадан үй-бүлө курууга уруксат берген жалгыз себеп болуп саналат. Көптөгөн Ыйык Китепти чечмелөөчүлөр адамга ажырашууга жол берген бул аят кыз менен жигит “сүйлөшүп жүргөн” учурда бирөөсү “ойноштук кылган” учурга тиешелүү деп түшүнүшөт. Жүйүттөрдүн каада-салтында жигит менен кыз куда түшүп койгон учурда же болбосо кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө эле баш кошушкан деп эсептелген. Ушундай көз карашка ылайык, “кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө” башка бирөө менен ойноштук кылуу ажырашуу үчүн негиздүү себеп болгон.

Бирок “ойноштук кылуу” деп которулган грек сөзү жыныстык бузукулуктун бардык түрлөрүн билдирет. Ал никесиз катнашта болууну, сойкулукту, көзгө чөп салууну ж.б. билдириши мүмкүн. Бир караганда, Ыйса жыныстык бузукулук кылынган болсо, ажырашуу мүмкүн деп айтып жаткандай болушу мүмкүн. Жыныстык мамилелер никедеги мамилелердин ажырагыс бөлүгү болуп саналат: Ыйык Китепте “экөө бир дене болот” деп жазылган (Башталыш 2:24; Матай 19:5Эфестиктерге 5:31). Ошондуктан ошол байланышты никеден сырткаркы жыныстык мамилелер менен бузуу ажырашууга жол берген себеп болот. “Башка аял алган ” (Матай 19:9) деген сөздөрдү кандай чечмелебейли, ажырашуу жана кайрадан үй-бүлө куруу жубайлык милдеттен бошотулган шартта гана мүмкүн болуп саналат. Никедеги айыпсыз тарапка гана кайрадан үй-бүлө курууга уруксат берилгенин эске алуу маанилүү. Текстте басым жасалбаса да, ажырашуудан кийин кайра нике куруу уруксаты жыныстык бузукулук кылган адамга эмес, жабыр тарткан адамга карата Кудайдын ырайымы болуп саналат. Кээде күнөөлүү тарапка да кайра нике курууга уруксат берилген учурлар бар, бирок бул үзүндүдө кеп мындай учур жөнүндө болгон жок.

Кээ бирөөлөр Корунттуктарга жазылган 1-кат 7:15ти ишенбеген адам ишенген жубайы менен ажырашса, бул кайрадан үй-бүлө курууга берилген дагы бир “эрежеден сырткаркы” уруксат деп эсептешет. Бирок бул аяттын контекстинде кайрадан үй-бүлө куруу жөнүндө эмес, ишенбеген жубай кеткиси келсе, ишенген тарап никени улантууга милдеттүү эмес экени айтылат. Башка бирөөлөр Ыйык Китепте эркектин өз жубайына же баласына катаал мамиле кылгандыгы жөнүндө айтылбаса да, зомбулук ажырашууга негиздүү себеп болушу мүмкүн экенин жарыялашат. Бул абдан туура себеп болушу мүмкүн болгону менен Кудайдын Сөзүн эске албоо эч качан акылмандуулук болбойт.

“Ойноштук кылуу” дегенди кандай гана мааниде түшүнбөйлү, бул милдетинен бошотуу шарты, ажырашуу талабы эмес, ажырашууга берилген уруксат болуп саналат. Ойноштук болгон учурда да, жубайлар Кудайдын ырайымы менен кечирүүнү үйрөнүп, никесин кайра куруп баштаса болот. Кудай биздин андан чоң нерселерибизди кечирип жатпайбы. Биз андан үлгү алып, ойноштук күнөөсүн кечирсек болот (Эфестиктерге 4:32). Бирок көп учурларда жыныстык бузукулук кылган жубай тобо кылбай, күнөөсүн андан ары уланта берет. Мына ушундай учурга Матай 19:9ду колдонсо болот. Ошондой эле, Кудай кээ бир адамдардын бойдок калуусун каалашы мүмкүн болсо да, алар ажырашары менен тез арада нике курууга шашылышат. Кудай кээде адамдар эч нерсеге алаксыбашы үчүн, аларды бойдок өтүүгө чакырат (1 Корунттуктарга 7:32-35). Ажырашуудан кийин кайрадан үй-бүлө куруу кээ бир шарттарда мүмкүн, бирок бул сөзсүз болушу керек эмес.

Бүгүнкү күндө машаякчылардын ажырашуулары бул дүйнөдөгү ишенбеген адамдардыкындай эле жогорку деңгээлде болгону өкүнүчтүү. Ыйык Китеп Кудай ажырашууну жек көргөндүгүн (Малахия 2:16) жана кайра калыбына келүү менен кечирүү ишенүүчүлөрдүн жашоосунун белгиси болушу керектигин (Лука 11:4Эфестиктерге 4:32) даана эле айтат. Бирок Кудай ажырашуу жада калса Анын балдарынын арасында да болорун билет. Ажырашкан же кайрадан үй-бүлө курган ишенүүчүнүн ажырашуусу же кайрадан үй-бүлө куруусу Матай 19:9дагы себепке туура келбесе, Кудай ал адамды азыраак сүйүп калат деп ойлобошубуз керек. Кээде Кудай жада калса машаякчылардын баш ийбестигин да чоң жакшы ишти кылуу үчүн колдонот.