Адам өлгөндөн кийин эмне болот?

 

 

Машаякчылык ишенимде адам өлгөндөн кийин эмне болору тууралуу бир топ туура эмес түшүнүктөр бар. Кээ бирөөлөр өлгөн адамдардын баары акыркы сотко чейин “уйкуда” болот, андан кийин ар бири бейишке же тозокко жиберилет деген ойду карманышат. Башкалары болсо адамдар өлөр замат соттолуп, өздөрүнүн түбөлүк бара турган жайларына жиберилет деп ишенишет. Дагы бирөөлөр адамдар өлгөндө алардын жандары/рухтары кыяматта тирилип, соттолуп, түбөлүк бара турган жери биротоло чечиле турган убакка чейин “убактылуу” бейиш же тозокко жиберилет деп ынандырышат.

Ал эми Ыйык Китеп өзү адам өлгөндөн кийин эмне болору жөнүндө кандай дейт болду экен?

Биринчиден, Ыйса Машаякка ишенген адамдар жөнүндө айта турган болсок, Ыйык Китеп ишенүүчүлөр өлөрү менен алардын жандары/рухтары бейишке алынып кетерин айтат, себеби алардын күнөөлөрү Машаякты Куткаруучу катары кабыл алуу аркылуу кечирилген (Жакан 3:161836). Ишенүүчүлөр үчүн өлүм – бул “денеден чыгып, Теңирдин жанына баруу” (2 Корунттуктар 5:6-8Филипиликтер 1:23). Ошентсе да, Корунттуктарга жазылган 1-кат 15:50-54 жана Тесалоникалыктарга жазылган 1-кат 4:13-17де ишенүүчүлөр тирилгенде, аларга даңктуу денелер бериле тургандыгы айтылат. Эгерде машаякчылар өлөр замат Машаяк менен бирге болуу үчүн бейишке кетсе, анда бул тирилүүнүн эмне кажети бар? Муну мындай түшүнсөк болот. Ишенүүчүлөрдүн жандары/рухтары өлөр замат Машаяк менен болуу үчүн кетип, ал эми денелери көрдө “уктап” жаткан сыяктуу калат. Анан ишенүүчүлөр тирилген кезде, алардын бул дүйнөдө ээ болгон денелери тирилтилип, даңкталып, кайрадан жаны/руху менен биригет. Ошол кайрадан биригип, даңкталган дене-жан-рухка жаңы асман менен жаңы жерде ишенүүчүлөр түбөлүккө ээ болушат (Аян 21-22).

Экинчиден, Ыйса Машаякты Куткаруучусу катары кабыл албагандар үчүн өлүм түбөлүк жазаны билдирет. Бирок ишенүүчүлөрдүн тагдыры белгилүү болгон сыяктуу эле, ишенбегендер да өлгөндө кыяматтагы тирилүүсүн, сотун жана акыры бара турган жерин күтүү үчүн дароо убактылуу жайга жиберилет. Луканын жакшы кабары 16:22-23 өлгөндөн кийин дароо азапка салынган бай адамды сүрөттөйт. Аян китеби 20:11-15 бардык ишенбегендер тирилтилип, улуу ак тактынын алдында соттолуп, оттуу көлгө ыргытылганын сүрөттөйт. Демек, ишенбегендер өлөрү менен эле тозокко (оттуу көлгө) ыргытылбайт; алар убактылуу бир жайда сотту жана айыптоону күтүп турушат. Бирок алар дароо оттуу көлгө ыргытылбаса да, өлөрү менен жагымдуу тагдырга туш болбойт. Луканын жакшы кабарындагы бай адам: “Мен бул жалындаган отто азап тартып жатам” деп кыйкырган (Лука 16:24).

Демек, адам өлгөндөн кийин “убактылуу” асманда же тозокто кармалып турат. Ошол убактылуу жайдан кийин кыяматтагы тирилүүдө адамдын түбөлүк бара турган жайы өзгөрүп кетпейт. Болгону алардын буга чейин кайда барары чечилген болсо, алар ошол жакка чындап кетишет. Ишенүүчүлөргө жаңы асманга жана жаңы жерге кирүүгө жол ачылат (Аян 21:1). Ишенбегендер болсо оттуу көлгө ыргытылат (Аян 20:11-15). Демек, бардык адамдардын акыркы түбөлүктүү тагдыры ушундайча чечилет: алар жалгыз Куткаруучу болгон Ыйса Машаякка ишенген болсо, бейишке, ишенбеген болсо тозокко кетишет. (Матай 25:46Жакан 3:36).