Мен машаякчы катары жашоомдо кантип күнөөнү жеңе алам?

 

 

Ыйык Китеп бизге күнөөнү жеңүүдө жардам катары ар түрдүү каражаттарды сунуш кылат. Бул жашоодо биз эч качан күнөөнү толук жеңе албайбыз (1 Жакан 1:8), бирок күнөөнү жеңүү биздин максатыбыз болуп кала бериши керек. Кудайдын жардамы менен, Анын Сөзүндөгү эрежелерди аткаруу аркылуу биз өсүп, күнөөнү жеңе алабыз жана барган сайын Ыйсага көбүрөөк окшошо беребиз.

Күнөөнү жеңүү үчүн Ыйык Китепте сунуш кылынган биринчи каражат – бул Ыйык Рух. Биз машаякчылык жашообузда жеңишке ээ болушубуз үчүн Кудай бизге Ыйык Рухту берген. Галатиялыктарга жазылган кат 5:16-25те Кудай дененин иштери Рухтун жемиштерине карама-каршы келерин көрсөтөт. Ушул үзүндү бизди Рухтун жетегинде жашоого чакырат. Бардык ишенүүчүлөрдө Ыйык Рух бар, бирок Ыйык Рух жөн эле ичибизде жашабай, биздин жашообузду башкарышы керек. Демек, жашообузда денелик каалоолорду ээрчигенден көрө, үзгүлтүксүз Ыйык Рухтун жетегинде болууну тандашыбыз керек.

Ыйык Рух жарата алган өзгөртүүнү Петирдин жашоосунан көрсөк болот. Ал Ыйык Рухка толо электен мурун Ыйсадан үч жолу баш тарткан, бирок ага чейин ал Машаякты өлсөм да таштабайм деген эле. Рухка толгондон кийин ал Элүүнчү күн майрамында жүйүттөргө ачык жана кайраттуулук менен сүйлөгөн.

Биз (Тесалоникалыктарга жазылган 1-кат 5:19да айтылгандай) Ыйык Рухтун эскертүүлөрүнө кулак салганга аракет кылып, Рухка толууга умтулганыбызда (Эфестиктерге 5:18-21), Рухтун жетеги менен жашаган болобуз.

Адам кантип Ыйык Рухка толо алат?

Эң биринчиден, Эски Келишимде байкаганыбыздай, Кудай Өзү каалаган адамдарды Ыйык Рухка толтурат. Эски Келишимде Ал Өзү аткарылышын каалаган иштери үчүн кимдир бирөөлөрдү тандап, аларды Өзүнүн Рухуна толтурган (Башталыш 41:38Чыгуу 31:3Сандар 24:21 Шемуел 10:10). Эфестиктерге жазылган кат 5:18-21 жана Колостуктарга жазылган кат 3:16да жан-дүйнөсүн Кудайдын Сөзү менен толтургандарды Кудай Рухка толтуруу үчүн тандаганы айтылат. Бул бизди экинчи каражатка алып барат.

Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепте Кудай бизге Өзүнүн Сөзүн ар бир жакшы ишке даярдоо үчүн бергени айтылат (2 Тиметей 3:16-17). Ал бизге кантип жашоону жана эмнеге ишенүүнү үйрөтөт, туура эмес жолду тандаганыбызды көрсөтөт, туура жолго түшүүгө жана ошол жолдон чыкпаганга жардам берет. Эврейлерге жазылган кат 4:12де Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, сөөктүн чучугуна чейин жетип, жүрөктөгү ойлорду жана ниеттерди соттойт деп айтылат. Забурчу 118-забурда Сөздүн өмүрдү өзгөртүүчү таасири жана тереңдиги жөнүндө айтат. Жашыяга душмандарды жеңгенге жардам берген каражатты, б.а. Кудайдын Сөзүн унутуп койбостон, ал тууралуу күнү-түнү ойлонуп, ага баш ийүү керектиги айтылган. Ал ошондой кылган, Кудайдын буйруктары аскердик жактан туура эмес сезилгенде да баш ийген жана мындай баш ийүү Убадаланган жер үчүн болгон салгылаштарда анын жеңиштеринин ачкычы болгон.

Ыйык Китеп биз көбүнчө жеңил ойлуулук менен мамиле кылган каражат болуп саналат. Аны көнүмүш адат катары жыйынга көтөрүп барып, анын ар кайсыл жерлерин үзүп окуу же күнүнө бир-эки бөлүм окуу менен эле чектелебиз; аны жаттабайбыз, ал жөнүндө ой жүгүртүп же өзүбүздүн жашообузда колдонбойбуз; ал бизге ачып берген күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурабайбыз же бизге берген белектери үчүн Кудайды даңктабайбыз. Ыйык Китепке келгенде, биз же ачка калабыз же аш кылбай эле жей беребиз, б.а. Сөздү рухий жактан тирүү болуш үчүн гана окуп коёбуз (эч качан дени сак, күйүп-жанып турган машаякчы болуу үчүн окубайбыз), же окуп коюу менен гана чектелип, андан рухий азык алыш үчүн жетиштүү ой жүгүртпөйбүз.

Эгерде сиз Кудайдын Сөзүн күндө окуп, аны жаттоону адат кылып ала элек болсоңуз, анда ушинтип баштаганыңыз жакшы. Кээ бир адамдар күндөлүк жазуу жакшы жардам деп эсептешет. Сөздөн пайда алып, чечимди жазып алмайынча, ой жүгүртүүнү бүтүрбөгөндү адат кылып алыңыз. Кээ бирөөлөр Кудай аларга көрсөткөн чөйрөлөрдө өзгөрүү үчүн Андан жардам сурап, Ага сыйынууларын жазышат. Ыйык Китеп – бул биздин жашообузда Ыйык Рух колдонгон курал (Эфестиктерге 6:17), рухий салгылаштарда согушуу үчүн Кудай бизге берген курал-жарактын эң керектүүсү жана эң негизгиси (Эфестиктерге 6:12-18).

Биздин күнөөгө каршы болгон салгылашыбызда чечүүчү иш кылган үчүнчү каражат – бул сыйынуу. Көп учурда машаякчылар аны аз эле колдонуп, оозунун учунан сыйынып коюшат. Бизде сыйынуу чогулуштары, сыйынуу маалдары жана башка кызматтар бар, бирок биз сыйынууну алгачкы жыйын колдонгондой колдонбойбуз (Элчилердин иштери 3:14:316:413:1-3). Пабыл кимдерге кызмат кылса, ошолор үчүн сыйынганын кайра-кайра айтат. Кудай бизге сыйынуу жөнүндө сонун убадаларды берген (Матай 7:7-11Лука 18:1-8Жакан 6:23-271 Жакан 5:14-15), Пабыл рухий салгылашка даярдануу тууралуу жазган жеринде сыйынууну да айта кетет (Эфестиктерге 6:18).

Жашообузда күнөөнү жеңүүдө сыйынуу канчалык маанилүү? Ыйык Китепте Петир Ыйсадан баш тартардан мурун Ыйсанын Гетсемания багында Петирге айткан сөздөрү бар. Ыйса сыйынып жатканда, Петир уктап жаткан. Ыйса аны ойготуп: “Азгырылып кетпеш үчүн, сергек болгула жана сыйынгыла, анткени рух сергек, дене алсыз” деген (Матай 26:41). Биз Петир сыяктуу туура нерселерди кылгыбыз келет, бирок күчүбүз жетпейт. Биз Кудайдын “Издегиле, тыкылдаткыла, сурагыла” деген эскертүүлөрүнө ылайык иш кылышыбыз керек, ошондо Ал бизге керектүү күчтү берет (Матай 7:7). Сыйынуу сыйкырдуу дуба эмес. Сыйынуу өзүбүздүн күчүбүз чектелүү экенин жана Кудайдын түгөнгүс күчүн билип, өзүбүз каалаганды эмес, Ал каалаган нерсени кылууга күч суроо дегенди билдирет (1 Жакан 5:14-15).

Күнөөнү жеңүүдө жардам берген төртүнчү булак – бул жыйын, башка ишенүүчүлөр менен баарлашуу. Ыйса шакирттерин кызматка эки-экиден жиберген (Матай 10:1). Элчилер иштериндеги миссионерлер болсо кызматка бирден эмес, экиден же андан көп болуп барышкан. Ыйса бизге чогулуштарыбызды таштабастан, ошол убакытты бири-бирибизди сүйүү жана жакшы иштерге үндөө үчүн колдонууга чакырат (Эврейлерге 10:24). Ал бизге бири-бириңерге каталарыңарды айткыла дейт (Жакып 5:16). Эски Келишимдин поэзиялык китептеринде “темирди темир курчутары, адамды адам курчутары” айтылат (Накыл сөздөр 27:17). Көпчүлүктүн күчү бар (Насаатчы 4:11-12). Машаякчылар кимдир бирөөнүн алдында жоопкерчиликтүү болуу өтө пайдалуу экенине ынанышкан. Кимдир бирөөнүн биз менен сүйлөшүп, сыйынып, шыктандырып, ал тургай ашкерелеп туруусу чоң баалуулукка ээ. Баарыбыз эле азгырылабыз (1 Корунттуктарга 10:13). Бирөөнүн же бир топтун алдында жооп берүү өтө оор күнөөнү да жеңүүгө жардам берген шыктандыруунун же таасирдин акыркы тамчысы болушу мүмкүн.

Кээде күнөөнү оңой эле жеңсе болот. Башка учурларда жеңиш жайыраак келет. Биз Кудайдын каражаттарын колдонгон сайын, Ал биздин жашообузду улам өзгөртө берерин убада кылат. Биз күнөөнү жеңүүгө аракет кыла берсек болот, анткени Ал Өзүнүн убадаларына бек турарын билебиз.