Биздин интернет баракчабызга кош келиңиз! Оболу өзүмдү тааныштырганга уруксат этиңиз. Менин атым Окурман. Келиңиз, бир аз отура туруңуз.
Сиздин жашооңузда бир нерсе жетишпегендей болобу? Менин жашоомдо бир нерсе жетишпечү, бирок ал эмне экенин өзүм билчү эмесмин. Анан мен ошол жетишпеген нерсени табуу үчүн, сапарга чыктым. Ал нерсенин ордун тамак жана ырахат, акча, кызыктуу иштер жана спорт менен толтурганга аракет кылдым, бирок алардын бирөөсү да анын ордун толтура алган жок. Анан ал боштукту жакшы жашоо жана катуу динчилдик менен толтурганга аракет кылдым, бирок ал да аны толтура алган жок, бирок ошонун натыйжасында ушул жерге келип калдым.
Анан өзүмдүн жашоо саякатымда мага жетишпеген нерсе “бир нерсе” эмес, “бирөө” экенин түшүндүм. Мени Кудай жаратканын жана Өзү үчүн жаратканын билип калдым, бирок мен Кудайдын Өзүн билчү эмесмин же Аны менен мамилем жок эле. Жашоомдо жетишпеген нерсени табам деп жүрүп, өзүмдүн динимде окуган китептерден Ыйса деген адам бар экенин билип калдым. Ал анык эле пайгамбар жана чынчыл, ыйык, жакшы адам болгон экен. Ал жөнүндө көбүрөөк билген сайын, аны дагы да көбүрөөк тааныгым келгенин сездим. Анан “Жаңы Келишим” деп аталган ыйык китептерди таап, мага жетишпеген нерсе Кудай менен болгон мамиле экенин жана ага Ыйса аркылуу ээ боло алаарымды түшундүм.
Ыйсанын окутуусу боюнча жашайм деп чечкенимде, жашоомдогу баягы боштук капысынан өзүм сүрөттөп бере албай турган нерсе менен толтурулганын сездим. Мен муну түшүндүрө албасам да, бир нерсени так айта алам: ал боштукту Кудай толтурду.
Эгерде сиз да мага окшоп өз жашооңузда ошондой боштукту, жетишпеген бир нерсени сезсеңиз, “Ыйса ким?” деген суроого жооп издей баштаңыз. Бул интернет баракча сизге ал жөнүндө билип калганга жардам берүү үчүн түзүлгөн.