Кудай деген ким?

 

 

Жетимиш жыл бою, мурунку союздун курамындагы мамлекеттер атеисттик көз карашта тарбияланышты. Бул көз карашты тутунган муун, “эч кандай Кудай жок” деген үгүттүн астында калыптанып калышты. Мындай көз караш кийинки жаш муундарга деле өз кедергисин тийгизүүдө. Азыркы демократиянын шартында Кудайга ишенүүгө эркин жол ачылганы менен, адамдардын аң-сезиминде баягы эски уютку өз таасирин берүүдө. Ошондуктан, ар бир адамда сыртынан “биз деле ишенебиз” деген менен, ички сезиминде “эгер Кудай бар болсо, анда Ал ким?” деген суроо жатат. Ушул суроонун тегерегинде ой жүгүртүп көрөлү. Албетте, ушуну окуп алып эле 100% толук жоопту аласыз дегенден алыспыз. Биз болсо, ушул маселе жөнүндө түрдүү булактар эмне дейт?, Түрдүү илимпоздор, дүйнөгө белгилүү адамдар эмне деп ой жүгүртүп көрүштү экен, ушуларды гана сиздин назарыңызга сунуш кылмакчыбыз.

Кудай ким? Жарык проблемасын изилдеген белгилүү теоретик Де Брольи минтип жазган: “Жарык нуру жөнүндө биз билебиз дегенде деле, ошондо аны канчалык дэңгээлде билген болобуз?” Ал эми белгилүү биолог Якоб Икскюль болсо минтип жазат:  “Тирүүлүк, өмүр, жан жөнүндө, – бул эмне экенин эч ким айта албайт”. Чындыгында эле, жарык жөнүндө ал кайсы күчтүн негизинде нур чыгарып, жылуулук берип, жана башка касиеттерге ээ болуп жатканын окумуштуулар өздөрү толук билбесе, анан жөнөкөй адамдар кайдан билсин. Ал эми жан жөнүндө эмне билебиз? Мына окуп отурган окурман сиз дагы тирүү жансыз. Бирок ошол жан эмне экенин толук айтып бере аласызбы? Канагаттандыраарлык түшүндүрүп бере аласызбы? Көрдүңүзбү? Бир караганда оңой көрүнгөнү менен, чындап келгенде эч бир сөз менен айтып бере алгыс, эч бир калем менен жаза алгыс татаал нерсе. Эми жарык менен жан жөнүндө эч нерсе айта албай жатсак, анда экөөнү тең жаратып койгон Жараткан Кудай жөнүндө, Анын ким экени жөнүндө кантип жеткиликтүү түшүндүрсө болот?

Ошондуктан окурман, “ кана Кудай ким экенин айтып көрчү” – деп жоопту күтүп отурбастан, бул жөнүндө өзүңүз деле акыл калчап, ой жүгүртүп көргөнүңүз дурус болот. Дегеле тирүүлүктү кандай кандай түшүнөбүз? Мектепте физикадан, баардыгы кыймылда болуп турат, – деп окутканы эсиңизде болсо керек. Демек биз көргөн жана көрбөгөн баардык элементардык бөлүктөр дайыма кыймылда. Ошондуктан, Кудайды тээ асмандын түпкүрүндө кыймылсыз отуруп алып, жер жашоосун аралаштырып жаткан бир сөлөкөт катары элестетпешибиз керек. Аалам-дүйнө чексиз кыймылда болуп жатса, аны жаратып койгон Жаратуучусу кыймылсыз субстанция эмес да. Кудайдын ким экендиги кадимки “болуу” деген түшүнүктөн сырткары турушу керек. Анткени “Кудай момундай” – деп айта алсак, анда Аны адамдык акыл-эстин чегинде чектеп катырып койгон болоор элек. Кудай Өзү да чексиз кыймылда. Ошондуктан, “Кудай момундай” – деп Анын портретин тартуу мүмкүн эмес.

Кудайдын ким экендигин толук, ынанымдуу айта албаганыбыз, Аны жокко чыгаруу эмес. Бирок, Кудайдын жаратып койгондорун карап отуруп, Анын канчалык экендигине, сын-сыпаттарына, мүнөзүнө, касиет-кудуреттерине толук баа бере алабыз. Бул жөнүндө Инжил китебинде Ыйса пайгамбардын шакирттеринин бири элчи Пабыл минтип жазган экен: “Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты, түбөлүктүү күчү жана Кудайлыгы Анын жаратып койгон нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнүп турат. Ошондуктан адамдар актанып кете алышпайт. ( Рим. 1:20 ).

Мындай бир мисалды алалычы: бүгүнкү күндө шаарларыбызды аралап не бир түркүн автомобилдер чымын-куюн болуп жүрүшөт, аларды жасаган инженер-конструкторлор ким экендигин билбейбиз, бирок мындай автомобилдерди көргөн сайын аларды жасаган адамдардын акылына таң берип суктанбай койбойбуз. Байкасаңыз, элчи Пабыл да ушул ойду айтып жатат. Жараткандын Өзүн көрбөсөк да, Анын колунан чыккан жаратылышты, табиятты көрүп, Жараткандын күчүнө, акылына, касиетине таң калабыз, суктанабыз. Карл Маркстын окутуучусу, диалектиканын атасы Гегель “ Кудайга ишенүүчүлүктү философиядан сакташ керек” –деп талап кылган экен.

Ал эми Францис Бекон минтип айткан: Философияны үстүртөн изилдөө Кудайдан алыстатат, ал эми аны терең изилдөө Кудайга жакындатат.

Жаратканды жокко чыгаралыбы? Анда эмне көз көрүп жана көрбөй тургандын баардыгы, аалам-жердин баардык тартиби, өз мыйзам ченеми менен жайгашкандын бардыгы жөн эле кокустуктун натыйжасыбы? Адамдын мээси да ошол кокустуктун натыйжасы болсо, анда кантип биз туура ойлонуп, таанып билүү үчүн ой жүгүртүп, акыл калчап көрүп жатабыз.

Сталин да минтип айткан экен: “ Дүйнөдө баардык нерсе белгилүү эмес, бирок баардык нерсе белгилүү боло алат”. Эгерде түрдүү бурамаларды, дөңгөлөктөрдү, ж.б. тетиктерди бир жерге үйүп койсо, убакыттын өтүшү менен ал өзүнөн-өзү автомобилге айланып калбайт да, ошол тетиктердин баардыгын өз орду менен пландуу түрдө жайгаштырып чогултканга анын артында акыл-эстүү зат жатат да. Демек, көз көрүп турган керемет табиятты, ааламды карап туруп, “бул өзүнөн-өзү эле пайда болду” – деп кантип айтабыз. Ушунчалык тартипте жайгашкан айлана-чөйрөнү, табигаттын мыйзам ченемдүүлүктөрүн көрүп туруп, мунун артында жеткилең акылдын ээси – Жаратуучу бар экенин кантип сезбейбиз? Ал турсун атеист деп эсептелинген Вольтер да минтип жазган экен: Дүйнө акыл- эстүү, анткени ал акыл- эстүүлүктөн жаралган.

Ардактуу окурман, айлана-чөйрөгө көнүмүш адат катары карабай, сереп салып, маани берип, акыл токтотуп, абайлап байкап көрүңүзчү: асмандагы жымыңдаган жылдыздар, сууда сүзгөн түрдүү балыктар, асманда учкан түркүн куштар, алардын сайраганы, көз жоосун алган гүлдөр, алардын сөз менен айтып бере алгыс кооздугу жана аңкыган жыты… мындай мисалдарды санап бүтүү мүмкүн эмес. Эми , ушунун баары “өзүнөн-өзү пайда болду, кокустуктун натыйжасы, жылдар-кылымдар өтсө эле ушинтип эң сонун кереметке айланып калды” –деп жыйынтык чыгарыш, бери эле айтканда түркөйлүктүн иши го. Ооба, Кудайдын Өзүн ким экенин айтуу кыйын иш, бирок Ал жаратып койгон, Анын керемет акылынан жаралган дүйнөнү карап отуруп, Кудайдын бар экенине, Анын күчүнө, Анын зор акылдын уюткусу экендигине ынанбай коё албайсың.

Адам баласы жөн гана убактылуу жашап, анан жок боло турган жандык катары жаратылган эмес. Кудай адам баласын Ыйык Китеп – Тоораттын тастыктоосу боюнча Өзүнө окшоштуруп, өзгөчө кылып жараткан. Ошол үчүн адам баласы куса болуп, бир нерсени Өзүнүн Жаратуучусун издеп келет. Анын ким экендигин жан туюмунда билгиси келет. Ким экендигин билмейинче жаны да тынбайт.

Бакты- таалай издегенибиз ушундан го Адам баласы башка тирүү жан-жаныбарлардан айырмаланып, жөн эле тирүү зат эмес, адам – руханий зат. Мындайча айтканда Кудайдын бир бөлүкчөсү – Кудайдын руху аркылуу жаралган зат.

Убагында Ленин, Баркелай аттуу епископтуной жүгүртүүсүн: “ Сенин философияңды жеңүү кыйын экен” – деп мактаган экен. Ал болсо мындай аргументи келтириптир: Дүйнө акыл-эстин натыйжасында гана жашашы мүмкүн. Акыл-эстен сырткары турган болсо, ал чакчелекей хаоско айланмак. Акыл-эс гана дүйнөгө белгилүү бир тартипти киргизип жатат. Ааламдагы, табигаттагы, түрдүү категориядагы белгилүү тартип мунун далили.

Дүйнө белгилүү бир акыл-эстин негизинде жашап жатат. Ал эми адамдар жер бетинде түбөлүк болгон эмес. Адамдардын акыл-эси да түбөлүктүү эмес. Демек, адам баласы жарала электен мурда эле, башка акыл-эстин ээси болгон. Адам өзүн ошол тартиптүү уюштурулган дүйнөнүн бир бөлүгү катары гана сезет. Адам жарала электе эле, дайыма болгон акыл-эстин өзү – Кудай. Мен дагы өзүмдүн ички сезимдеримдин,жан дүйнөмдүн жаратуучусумун, кожоюнумун. Дал ошол сыяктуу ааламдын жана адамдын Жаратуучусу, Кожоюну – Кудай.

Ошентип,атеисттик көз караштагы Ленин деле, мындай эстүү ой жүгүртүүгө баа берип ынанган экен.

Кымбаттуу окурман, биз бүгүнкү тема менен Кудайдын ким экенин жетиштүү айтып салдык дегенден алыспыз. Биз болгону ушул аркылуу. Сиз бул дүйнөгө жөн эле келген кокустук эмессиз, сиз сөзсүз, муну баса белгилей кетели,/ Жаратуучунун планындагы адамсыз деп айтмакчыбыз. Ошол Жаратуучуңуздун ким экендигин өз алдыңызча издеп көрүңүз. Ошондо өзүңүздүн бул дүйнөгө келүү- кетүү максатын, өмүрдүн маани-маңызын толук түшүнө аласыз. Дүйнө акыл-эстүү жаратылган, сиз ошол акыл-эстүүлүктүн бир бөлүгүсүз. Андыктан, “ээ ишенбейм” деп акылсыз иш кылбай, өзүңүздү терең изилдеп көрүүдөн баштаңыз.

Анда эмесе ийгилик каалайбыз!

Ой жүгүртүүлөрүңүз менен бөлүшүп турсаңыз биз кубанычта болобуз.

Автор - Азиз