Адам ишеним аркылуу гана куткарылабы же иш менен көрсөтүлгөн ишеним аркылуубу?

 

 

Балким, бул машаякчылыктын бүткүл теологиясындагы эң маанилүү суроодур. Бул суроо 16-кылымдагы Реформациянын башталышына, Протестант жана Католик жыйындарынын бөлүнүүсүнө себепкер болгон. Бул суроо чыныгы машаякчылык менен көптөгөн жалган «машаякчылык» культтардын ортосундагы Ыйык Китепти түшүнүүгө тиешелүү болгон негизги айырма болуп саналат. Ишеним аркылуу гана куткарылуу мүмкүнбү же иш менен коштолгон ишеним аркылуубу? Мен Ыйсага ишенүү аркылуу гана куткарылдымбы же Ыйсага ишенгенден кийин белгилүү бир нерселерди аткарышым керекпи?

Бир гана ишеним жана иштер менен коштолгон ишеним жөнүндөгү суроо Ыйык Китептеги бир караганда бири-бирине карама-каршы келгендей көрүнгөн аяттардын айынан пайда болгон. Римдиктерге жазылган кат 3:285:1 жана Галатиялыктарга жазылган кат 3:24тү Жакыптын каты 2:24 менен салыштырып көрүңүз. Бул салыштыруудан кээ бирөөлөр (ишеним аркылуу гана куткарылууга болоорун айткан) Пабыл менен (иштер менен коштолгон ишеним аркылуу куткарылууга болоорун айткан) Жакыптын түшүнүктөрү башка-башка болгонун байкашат. Пабыл жалпысынан акталуу ишеним аркылуу гана болорун айтат (Эфестиктерге 2:8-9), ал эми Жакып акталуу иш менен коштолгон ишеним аркылуу болот деп тагыраак айтат. Бул карама-каршылык Жакып эмне жөнүндө айтып жатканын кылдаттык менен текшергенде чечилет. Жакып адам ишенимге ээ болуп туруп, жакшы жемиш алып келбеши мүмкүн деген пикирди четке кагып жатат (Жакып 2:17-18). Ал Машаякка чындап ишенүү өзгөргөн жашоону жана жакшы иштерди жаратарына басым жасайт (Жакып 2:20-26). Жакып адам иш менен коштолгон ишеним аркылуу акталат деп айткан жок, ишеним аркылуу акталган адам жашоосунда жакшы иштерди кылат деп айтып жатат. Эгер адам өзүн ишенүүчүмүн деп жарыялап, бирок жакшы иштерди кылбаса, анда ал Машаякка чындап ишенбейт (Жакып 2:14172026).

Пабыл да өзүнүн каттарында ушул эле нерсени айтат. Машаякчылар жашоосунда бере турган жемиштер Галатиялыктарга жазылган кат 5:22-23тө тизмектелген. Пабыл биз иштерибиз менен эмес, ишенимибиз менен куткарылдык деп айтуу менен бирге (Эфестиктерге 2:8-9) биз жакшы иштерди жасоо үчүн жаралганыбызды жарыялайт (Эфестиктерге 2:10). Пабыл Жакып сыяктуу эле ишенүүчүлөрдөн өзгөргөн жашоону күтөт: “Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал – жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду” (2-Корунттуктарга 5:17). Демек, Жакып менен Пабылдын куткарылуу жөнүндөгү окутуулары бири-бирине карама-каршы келбейт. Алар бир эле нерсени ар тараптан карап жатышат. Пабыл акталуу ишеним аркылуу гана ишке ашарына басым кылат, ал эми Жакып Машаякка болгон нукура ишеним жакшы иштерди жаратарына басым жасайт.